Чаткалда 31,6 гектар жер жаңы ГЭС курууга берилди

Чаткалда 31,6 гектар жер жаңы ГЭС курууга берилди

Министрлер Кабинети Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы аянты 31,59 гектар болгон жер тилкесин чакан гидроэлектростанция куруу үчүн трансформациялоо чечимин кабыл алды.

Документке ылайык, мамлекеттик менчиктеги бул жер тилкеси "айыл чарба багытындагы жерлер" жана "токой фондуна кирген жерлер" категориясынан "өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына өткөрүлдү.

Трансформацияланган жерлердин курамына төмөнкүлөр кирет:

  • 14,61 гектар сугат жерлер;
  • 1,36 гектар огород жерлери;
  • 2,87 гектар пайдаланылбай жаткан жерлер;
  • 0,25 гектар богардык (сугарылбаган) жерлер;
  • Чаткал токой чарбасына тиешелүү 12,5 гектар токой фондунун жерлери (анын ичинде жайыттар, жолдор жана дарыя жээктериндеги жер тилкелери).

Чаткал районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясына төмөнкү милдеттер жүктөлдү:

  • жерлердин эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү;
  • жер тилкесин максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу;
  • жоголгон айыл чарба жерлерин түшүмдүүлүгү төмөн жерлердин эсебинен калыбына келтирүү;
  • шаар куруу (градостроительство) документациясын иштеп чыгуу жана бекитүү;
  • жер казуу жана курулуш иштерин жүргүзүүдө археологиялык көзөмөлдү камсыз кылуу;
  • жер тилкеси пайдаланылбай калган же максатсыз колдонулган учурда аны кайра алып коюу.

Мындан тышкары окуңуз

Электрондук эсеп-фактураларды тариздөө тартибин өзгөртүү сунушталууда

Электрондук эсеп-фактураларды тариздөө тартибин өзгөртүү сунушталууда

Мамлекеттик салык кызматы электрондук эсеп-фактураларды (ЭЭФ) тариздөө жана колдонуу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун коомдук талкууга койду. Долбоор салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөртүүлөргө ылайыкташтыруу жана салыктык башкарууну санариптештирүүнү өркүндөтүү максатында даярдалган. Долбоорго ылайык, ЭЭФти толтурууда көрсөтүлүүчү милдеттүү маалыматтар такталууда. Анын ичинде: * товарды, жумушту же кызматты сатуучунун жана сатып алуучунун идентификациялык номери,

Бишкекте "жашыл" мобилдүүлүк боюнча жаңы долбоор ишке ашырылат

Бишкекте "жашыл" мобилдүүлүк боюнча жаңы долбоор ишке ашырылат

Бишкекте 2027-жылдан тартып пилоттук "жашыл" мобилдүүлүк коридорун түзүү пландалууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. 11-августта мэрдин орун басары Рамиз Алиев Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Чжэн Ву менен жолугушту. Анда шаардык транспортту электрлештирүү долбоорунун учурдагы абалы жана аны мындан ары ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Өзбекстандан келген 28 тонна жашылча Кыргызстанга киргизилген жок

Өзбекстандан келген 28 тонна жашылча Кыргызстанга киргизилген жок

Өзбекстандан Кыргызстанга келаткан 23 тонна пияз жана 5 тонна сабиз "Кызыл-Кыя автожолу" фитосанитардык текшерүү постунан артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Текшерүү учурунда жашылча-жемиштердин таңгагында милдеттүү эн белги жок экендиги аныкталган. Адистердин айтымында, азыктарды тиешелүү белгисиз алып кирүү Евразия экономикалык биримдигинин

"Кыргызфармациядагы" мыйзам бузуулар 138 млн сомго жакын зыян алып келди

"Кыргызфармациядагы" мыйзам бузуулар 138 млн сомго жакын зыян алып келди

"Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасында дары-дармек жана медициналык буюмдарды сатып алууда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2024–2026-жылдары айрым сатып алуулар саламаттык сактоо уюмдарынын чыныгы муктаждыктары эске алынбастан жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы баасы 74,1 млн сом болгон дары-дармектердин 60 түрүнүн жарактуулук