Жыртык-тешиктерибизди бүтөй албай жатып пансионаттарга кайдагы акча — президент төрт пансионат Өзбекстанга эмнеге берилерин айтты

Жыртык-тешиктерибизди бүтөй албай жатып пансионаттарга кайдагы акча — президент төрт пансионат Өзбекстанга эмнеге берилерин айтты

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек берип, анда Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга 49 жылга башкарууга берүү себебин айтты.

Агенттиктин Өзбекстанга Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын 49 жылга ижарага берилишине социалдык тармактардын колдонуучулары нааразычылыгы тууралуу суроолоруна Жапаров расмий Ташкенттин эл аралык сотко бергендин натыйжасы менен жооп берди.

"Төрт пансионат боюнча кеп мындай. 2016-жылы Темир Сариев премьер-министр болуп турганда мен ачыгын айтайын, популисттик кылып эле алып койгон. Архивдик кагаздарды окуп чыгып, келечегин жакшылап карап, жети өлчөп бир кесиш керек эле. Тагыраак айтсам, эл аралык соттон утулбай турган болсок анан алып койсо болмок.

Ошол эле жылы өзбек тарап Вашингтонго эл аралык сотко 65 млн долларга доо арыз бериптир. 2017-жылы Сапар Исаков өзбек тарапка кат жөнөткөн экен: "Тынчтык жолу менен чечели, силерге 4 пансионатты кайра берели, силер эл аралык соттон доо арызыңарды алып койгула", - деп. Алар алган эмес. Кечээ жакында, май айында эл аралык сот кыргыз тарап 40 миллиондон ашыгыраак доллар төлөйсүңөр деген чечим чыгарды. Биз эки жак келишип, "Анча акчаны төлөй албайбыз. Андан көрө силер 49 жылга алгыла, 4-5 жылдыздуу мейманканаларды кургула" деп келиштик. Ал пансионаттардын ахывалын көрсөңөр аткана. Биз өзүбүз жакынкы 15-20 жылда ал пансионаттарга бир тыйын сала албайбыз. Башка жыртык-тешиктерибизди бүтөй албай жатып ал пансионаттарга кайдагы акча.

Ал 4 пансионатты саталы десек 40 миллионго эмес 4 млн долларга эч ким сатып албайт. Ал эми 5-10 жылга бербейлиби деген бул түркөйлүк. 4-5 жылдыздуу жатаканаларды куруп бүткүчө эле 5-10 жыл кетет. Анан кайсы мамлекет короткон акчасын актабай туруп биз үчүн куруп бермек эле", - деди ал.

Эскерте кетсек, төрт пансионатты Өзбекстанга башкарууга берүү тууралуу чечим ушул жуманын башында Чолпон-Атадагы кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн биргелешкен комиссиясынын 10-жыйынында кабыл алынган. Ага ылайык, "Золотые пески" пансионаты "Ташкент механикалык заводуна", "Дилором" пансионаты "Асакабанк" компаниясына, "Рахат" эс алуу жайы "Өзбекстандын тышкы экономикалык улуттук банкына", ал эми "Бустон" "Узпромстройбанк" банкына берилмекчи болгон.

Мындан тышкары окуңуз

“Кыргызтест” мекемесинин базасында эл аралык компьютердик тесттин пункту ачылды

“Кыргызтест” мекемесинин базасында эл аралык компьютердик тесттин пункту ачылды

Кече, 30-январда, Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга караштуу “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин базасында эл аралык компьютердик тест пунктунун салтанаттуу ачылышы болду. Ага Президенттин Администрациясынын, Министрлер Кабинетинин, Жогорку Кеңештин, National Educational Network (NEN) эл аралык компаниясынын, Улуттук илимдер академиясынын, Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча

Чаткалда 31,6 гектар жер жаңы ГЭС курууга берилди

Чаткалда 31,6 гектар жер жаңы ГЭС курууга берилди

Министрлер Кабинети Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы аянты 31,59 гектар болгон жер тилкесин чакан гидроэлектростанция куруу үчүн трансформациялоо чечимин кабыл алды. Документке ылайык, мамлекеттик менчиктеги бул жер тилкеси "айыл чарба багытындагы жерлер" жана "токой фондуна кирген жерлер" категориясынан "өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана

Барскоон-Бедел жолуна 3 жылда 53,4 млрд сом жумшалат

Барскоон-Бедел жолуна 3 жылда 53,4 млрд сом жумшалат

2026-жылга жана 2027–2028-жылдардагы пландуу мезгилге карата республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда мамлекеттик инвестициялар боюнча чыгашалар жана капиталдык салымдарды каржылоонун булактары (5-берене) бекитилген. Документке ылайык, 2026-жылга капиталдык салымдар үчүн 27,68 млрд сом каралган. Анын ичинен 17,68 млрд сом Ысык-Көл облусундагы Барскоон – Бедел унаа жолун курууга багытталат. Дагы 10 млрд

Xiaomi "Гарри Поттер" франшизасынын стилинде жасалган планшетин чыгарды

Xiaomi "Гарри Поттер" франшизасынын стилинде жасалган планшетин чыгарды

Xiaomi компаниясы "Гарри Поттер" франшизасынын стилинде жасалган Redmi Pad 2 Pro планшетининлимиттелген версиясын тааныштырды. Бул модель Кытай рыногу үчүн гана чыгарылып, бренддин күйөрмандарына жана коллекционерлерге багытталган. Redmi Pad 2 Pro Harry Potter Edition көк түстөгү дизайнда жасалып, сыйкырдуу дүйнөгө шилтеме берген декоративдүү элементтер менен кооздолгон. Ошондой эле ал