УчкайКЕП: Өлкөдө жума ичинде орун алган маанилүү окуялар
Өлкөдө бир апта аралыгында, 9-ноябрдан 13-ноябрга чейин бир топ маанилүү окуялар орун алды. Алардын айрымдарын тизмектейбиз.
- Өлкөдө эмгек кодексине өзгөртүү киргизилди. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Документке ылайык, иш берүүчүлөр товарлардын жана кызматтардын кымбатташына жараша айлык акыны жогорулатууга милдеттүү болот.
Аны көтөрүүнүн тартиби жамааттык келишимдерде, макулдашууларда же уюмдун ички актыларында белгиленет.

- Быйыл 10 айында республикалык бюджетке 669,6 миллиард сом киреше түштү.
Өкмөт тараткан маалыматка ылайык, бул болжолдонгон көрсөткүчтөн 17,3 миллиард сомго көп болду.
Мамлекеттик салык кызматы 288,5 миллиард сом чогултуп, белгиленген пландын 102,7 пайызын аткарды. Мамлекеттик бажы кызматы 155,6 миллиард сом чогултуп, пландын 104,1 пайызын түздү.

- 2026-жылдын октябрында дүйнөлүк азык-түлүк бааларынын индекси сентябрь айына салыштырмалуу 1,2% төмөндөдү.
Буга дан эгиндерине, этке жана сүт азыктарына болгон эл аралык баалардын арзандашы таасир эткен. Ошол эле учурда канттын баасы кескин өскөн. Бул тууралуу БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (FAO) билдирди.
FAOнун дүйнөлүк азык-түлүк бааларынын индекси октябрда орточо 133,9 пунктту түздү. Бул сентябрдагы кайра каралган көрсөткүчтөн 1,6 пунктка же 1,2% төмөн. Бирок жылдык салыштырууда индекс 5,9% жогору бойдон калууда.

- Эми Кыргызстандын жана Сейшел аралдарынын жарандары эки өлкөнүн аймагында 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат.
Бул тууралуу тиешелүү макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга президент кол койду.
Ага ылайык, жарандардын 1 жыл ичинде мамлекеттер арасында жүрүү узактыгы 90 күндөн ашпоосу керек.

- 2026-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин республика боюнча автотранспорт каражаттарынын техникалык абалына жана атмосферага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмүнө көзөмөл жүргүзүлгөн.
Анын жыйынтыгында 488 укук бузуу фактысы катталып, жалпы суммасы 8 млн 172 миң 500 сомду түзгөн айып пулдар салынган.

Кыргызстанда Беларусь тракторлорун жыйноо жана өндүрүүчү завод куруу пландалууда.
Маалым болгондой, бул маселе айыл чарба минстри Эрлист Акунбековдун Беларуска болгон иш сапарынын алкагында каралды.
