Ош облусунда 100 орундуу бала бакча курулууда
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Лангар айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 81 млн сомду түзөт.
Жаңы имаратта ашкана, азык-түлүк сактоочу кампа, дарыгердин бөлмөсү, уктоочу жана оюн бөлмөлөрү, тарбиялык сабак өтүүчү жай жана кабылдама каралган. Ошондой эле балдар үчүн коопсуз оюн аянтчасы уюштурулат.
Бала бакчанын жалпы аянты 1074 чарчы метрди түзөт. Курулуш иштери 2025-жылдын июль айында башталган.
Учурда имараттын чатыры жабылып, сырткы шыбак жана ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу