Баткенде электр энергиясын үнөмдөө режими киргизилет
Баткен шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде электр энергиясын үнөмдөө режими киргизилет. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Маалымдалгандай, Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 5-ноябрындагы №949-т тескемесине ылайык, жыл сайын 15-октябрдан 15-мартка чейин электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу чаралары көрүлөт.
Ага ылайык, административдик имараттарда саат 18:00дөн 06:00гө чейин, ал эми билим берүү мекемелеринде окуу процесси аяктагандан кийин электр энергиясы өчүрүлөт.
Мындан тышкары, пайдаланылбаган бөлмөлөргө кыймыл датчиктерин орнотуу, энергияны үнөмдөөгө жооптуу кызматкерлерди дайындоо жана белгиленген талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө тапшырылды.
Бул чаралар электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга жана энергосистемадагы тартыштыкты азайтууга багытталган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу