Таласта курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды

Таласта курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды

Талас шаарындагы курулуш объектилерине жүргүзүлгөн көзөмөлдүн алкагында Тагайбаев көчөсүндө курулуп жаткан жабык дренаж системасы пландан тышкары текшерилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, текшерүү министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас региондук башкармалыгы тарабынан жүргүзүлдү.

Анын жүрүшүндө курулуш иштерин жүргүзүүдө шаар куруу документтеринин, техникалык регламенттердин, курулуш ченемдери менен эрежелеринин жана тиешелүү мыйзам талаптарынын бузулушу аныкталган.

Жыйынтыгында, курулуш иштерин аткарып жаткан "Баткен көчмө механизацияланган отряды" мамлекеттик ишканасына карата акт түзүлүп, мыйзам бузууларды жоюу боюнча жазуу жүзүндө эскертүү берилди. Ошондой эле ишканага 200 миң сом айып пул салынды.

Белгилей кетсек, аталган дренаж системасы Талас шаарынын түндүк-батыш тарабындагы жер астындагы суулардын деңгээлин төмөндөтүү максатында курулууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Баткенде электр энергиясын үнөмдөө режими киргизилет

Бишкекте жасалма интеллект башкарган светофорлор орнотулду

Асеин Исаев Кыргыздын Бельгиядагы элчиси болуп дайындалды

Кыргызстан менен Тажикстан финансылык кызматташтыкты талкуулашты

Бишкекте унаасын туура эмес жерге токтоткон 14 айдоочу айыпка жыгылды