Соцтармактарда төмөн пайызда насыя убада кылгандар, жеке маалыматтарды түрдүү максатта пайдаланышат — фактчек

Соцтармактарда төмөн пайызда насыя убада кылгандар, жеке маалыматтарды түрдүү максатта пайдаланышат — фактчек

"Политклиника" медиасынын журналисттери социалдык тармактарда белгисиз ысым менен катталып, түрдүү постторго комментарий жазып, төмөн пайызда насыя убада кылгандар тууралуу изилдеп көрүшкөн. Натыйжада, алар жеке маалыматтарды ар түрдүү максатта пайдаланууга алышат деген жыйынтыкка келишкен.

Акыркы убактарда Фейсбуктагы посттордун комментарийлеринде  2% менен, же такыр эле пайызсыз насыя берилери тууралуу билдирүүлөр жапырт тарап жатат. Чет элдик ысым менен катталып, бирок кыргыз тилинде билдирүү тараткан мындай аккаунттар жүздөп саналат.

Аталган медиа бул аккаунттарды жана алар тараткан билдирүүлөрдүн чын-төгүнүн текшерип көрдү.

Мындай аккаунттар башкы бетине чет элдик жарандардын сүрөтүн колдонушса, кээ бирлери ишенимдүү болуу үчүн коомчулук тааныган саясатчы, маданият өкулдөрү, активисттердин сүрөтүн башкы бетине коюп алышкан. Мисалы:

"Жузеппе Гонсалес" аттуу колдонуучу башкы бетине Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева менен академик Рысбек Нургазиевдин сүрөтүн коюп алган. Бул сүрөт ушул жылдын 17-майында Жогорку Кеңештин расмий сайтына жүктөлгөн.

Жогорудагы сыяктуу колдонуучулар өзүнүн жеке баракчасында эмес, түрдүү тайпаларда, катталуучусу көп аккаунттардын комментарийлеринде билдирүү калтырышат. Алар башка колдонуучуларга кыргыз тилинде кайрылып, каржылык жактан көйгөйү бар жарандарга аз убакыт ичинде көп суммадагы насыя алса болорун жазышат. Ал эми насыя 2-5 % менен берилет.

Төмөн пайыз менен насыя сунуштаган “кредиторлор” (Фактчекинг)

Аталган аккаунттар ар бир билдирүүсүндө байланыш үчүн шилтеме тиркешет. Шилтемеге басканыңызда түз эле WhatsApp’тан чат ачылат. Биз мессенджердеги номерлердин коддору аркылуу кайсы өлкөгө катталганын текшерип көрдүк. WhatsApp’та +40 жана +229 коду менен башталган номерлерлерге туш болдук. Ал эми бул телефон коддору Румыния жана Африканын Бенин өлкөсүнүкү болуп чыкты.

Төмөн пайыз менен насыя сунуштаган “кредиторлор” (Фактчекинг)
Төмөн пайыз менен насыя сунуштаган “кредиторлор” (Фактчекинг)

Билдирүүлөрдүн бириндеги шилтеме аркылуу өтүп, өзүн “Мэри Янник” деп атаган айым менен байланышып көрдүк.

Ал банк Франциянын Париж шаарында жайгашканын, капитал көп болгондуктан чет элдиктерге акчалай насыя беришерин айтты. Анын айтымында, банк тарабынан келишимдин негизинде 1 жылдан 35 жылга чейин бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү каралган. Насыя алуучунун жашы 18 жаштан жогору болушу керек.

Сиз мындай "банктарга" канча суммадагы насыя алам деп жазбаңыз, алар канча жылда төлөнүп бүтөрүн, пайызын дароо эсептеп беришет.

Бирок келишимдин шарттары боюнча сиз алгач өздүгүңүздү тастыктаган документти жөнөтүшүңүз керек болот. Ал эми биз банктын чын эле бар экендигин тастыктай турчу кандайдыр бир документ же лицензия сураганыбызда алар “келишимге кол коюлганга чейин эч нерсе көрсөтпөйбүз” деп жооп беришти.

Башында сөз болгон Bred banque populaire – Франциядагы кооперативдик банк. Анын расмий сайтында "Банкка мүчө болгон кардарлар, капиталды түзгөн акциялардын ээлери аймактарда экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүүгө катышат. Анын негизги иши Францияда жана чет өлкөлөрдө туунду компаниялар аркылуу коммерциялык банк иши болуп саналат",- деп жазылган. Бул банктын ишмердүүлүгүнө байланыштуу интернет айдыңында түрдүү пикирлер бар.

Бирок жогоруда көрсөтүлгөндөй, “Мэри Янник” өзү атаган банкка тиешелүү документтерди көрсөтүүдөн баш тартты. Анын аталган банк менен байланышы далилденген жок.

Жеке маалыматтар кандай максаттарда колдолуп кетиши мүмкүн?

Өздүгүңүздү тастыктаган документтердин бейтааныш бирөөнүн колуна тийиши сизге  чоң зыян алып келиши мүмкүн. Бул жерде сөз бир гана паспорттун түп нускасы жөнүндө эмес. Анткени документтин көчүрмөсү, интернет айдыңындагы сүрөт, видеолору да алдамчылар үчүн жетиштүү. Анда жеке маалыматтардын тарап кетиши кандай көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн экенин карап көрөлү:

1.Паспорттун көчүрмөсү менен сиздин атыңызга насыя алынышы толук мүмкүн. Ооба, ири банктар насыяны жаран өзү келмейин берүүдөн баш тартышат. Бирок расмий банктардан тышкары жүздөгөн микрофинансылык мекемелер бар. Ал эми мындай кичи мекемелердин көпчүлүгүндө насыяны онлайн алуу мүмкунчүлүгү каралган. Анда жаран паспортто көрсөтүлгөн маалыматтарды сайтка жазуу менен, өзү барбастан насыя ала алат. Демек, сиздин атыңыздан башка бирөө алган насыяны сиз төлөөгө милдеттүү болуп каласыз.

2.Жеке маалыматтар алдамчылык үчүн колдонулган учурлар Кыргызстанда миңдеп саналат. Тааныш же таптакыр бейтааныш бирөөдөн карызга акча суроодо, социалдык тармактар аркылуу түрдүү жолдор менен жарандардан акча талап кылууда сиздин атыңызды жамынып, далил катары паспортту жөнөтүп алдап кетиши толук ыктымал.

3.Уюлдук операторлордон сим-карта сатып алууда дайыма эле паспорттун түп нускасы керек эмес. Жогорудагыдай эле көчүрмөсү же сүрөтү менен алса болот. Бирок мунун кесепеттери жаман болушу мүмкүн. Депутат Дастан Бекешев “Эгер сиздин атыңызга катталган номерден кимдир бирөө экстремистик, фейк маалымат тарата турган болсо ал үчүн сиз жооп беришиңиз керек болот”,- деп айткан.  Ошондой эле ал номерди телефон аркылуу алдамчылык үчүн колдонушу мүмкүн.

Жеке паспорту турдүү жагдайларда интернет булактарына тарап кеткен жарандар бул сыяктуу көйгөйлөргө байма-бай туш болушат. Алардын бири журналист Азиза Бердибаева өзүнүн окуясын "Клооп" басылмасына берген маегинде айтып берген. Бердибаева паспорт жөнүндө журналисттик материал даярдап жатып, мисал катары өзүнүн ID паспортун кошуп койгон. Ал документтеги жеке номерлерин колу менен жашырып койгонуна карабастан сүрөттү алдамчылык үчүн колдонуп келишкен. Алданып калгандар журналистти коркутуууга чейин барган учурлар болгон.

Жыйынтык: Социалдык тармактардагы белгисиз ысым менен катталган аккаунттардын "төмөн пайыз менен көп суммадагы насыя беребиз" деген билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт. Өзүн "кредиторлор" деп атап алган аккаунттар сиздин жеке маалыматтарыңызды алууга аракет кылышат. Ал маалыматтарды түрдүү максатта пайдаланышы мүмкүн. Жеке маалыматтарды башкаларга берүүдө абайлаңыз. Алдамчылардын кайырмагына илинип калуудан сак болуңуз.


Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500