Ош – Кара-Суу жолу оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Ош – Кара-Суу жолу оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Ош – Кара-Суу унаа жолун оңдоп-түзөөнүн алкагында узундугу 18,690 чакырым жол асфальтталууда. Жолдун туурасы 15 метрден 22 метрге чейин жетип, 4 тилкелүү болот. Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн туурасы 3 метр болгон жөө адамдар өтүүчү жана велосипеддер үчүн жол курулууда. 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына караганда, аталган автомобиль жолу эки тарабынан толук жарыктандырылат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында жолдун 7 чакырымдык бөлүгүнүн ортосуна туурасы 4 метр болгон бетондук барьер орнотулат. Ошондой эле унаа кыймылы жогору болгон жолдун баштапкы 0–2,0 чакырым бөлүгү 6 тилкелүү болуп курулат. 

Учурда курулуш иштеринин 30%ы аяктады. Жол курууга жалпысынан 122 жумушчу тартылып, 117 даана атайын техника иштеп жатат. Бул жол Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен калктын жашоо шартын жакшыртуу жана аймактардагы инфраструктураны өнүктүрүү максатында президенттин фондунан каржыланууда.

Долбоорду ишке ашыруу жана анын сапатын камсыздоо боюнча иштер Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынып, белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын элчиси Венгриянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

Кыргызстандын элчиси Венгриянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

30-сентябрда Будапеште Кыргызстандын элчиси Эрлан Абдылдаевдин Венгриянын президенти Андраш Балинт Бакага ишеним грамотсын тапшыруу салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, салтанат Шандор сарайында өтүү. Жолугушуу учурунда элчи Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жолдогон саламын айтты. Расмий бөлүктө баарлашуулар болуп, анда эки тараптуу мамилени өнүктүрүү, эки

Ишкер Media
Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 5 жылда 25% өстү

Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 5 жылда 25% өстү

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактан улуу адамдардын саны акыркы беш жылда 146 миңден ашуунга же 25%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата маалымдады. Статистикалык маалыматтарга таянсак, 2026-жылдын башына карата өлкөдө эмгекке жарамдуу курактан улуу 737 миң адам катталган. Бул жалпы калктын 10%

Ишкер Media
Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков баяндама жасап, долбоор мыйзамдарды өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккандыгын билдирди. Долбоорду талкуулоо учурунда депутаттар ишкерлерге салыктык жүктү азайтуу, айып

Ишкер Media
Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

BAKAI жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлер үчүн каржылоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачкан келишимге кол коюшту. Программанын алкагында бизнес экологиялык жана энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду ишке ашырууга, аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө жана тең мүмкүнчүлүктөрдү колдоого 500 миң сомдон 50 млн сомго чейин каржылоо ала алат. Келишимге Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Башкармасынын төрагасынын орун

Ишкер Media