Жерүйдө калдык сактоочу жайдын экинчи этабынын курулушу текшерилди

Жерүйдө калдык сактоочу жайдын экинчи этабынын  курулушу текшерилди

Талас облусундагы Жерүй кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясынын чакыруусу менен облустагы жарандык активисттерден түзүлгөн Элдик комиссиянын өкүлдөрү кенге барышты. Аталган комиссия буга чейин дагы бир нече жолу кендин иши менен таанышып, көзөмөл жүргүзүп келишкен. Бул ирээт кендин аймагындагы калдык сактоочу жайдын экинчи баскычынын курулуш иштеринин аякташы менен таанышуу болду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда калдык сактоочу жайда төшөлгөн геомембрананы текшерүү үчүн атайын көзкарандысыз эл аралык Sensor Group компаниясы өзүнүн Sensor DDS Mobile и Sensor MIT техникасы менен текшерип жатышат. Аталган компания өз тармагында дүйнөлүк лидер болуп эсептелет жана буга чейин да Жерүй кениндеги калдык сактоочу жайдын биринчи этабын текшерүүдөн өткөрүшкөн.

Жерүй кенинин калдык сактоочу жайынын башчысы Нурбакыт Масалбеков калдык сактоочу жайдын курулушунун жүрүшүндө баардык нормалар сакталганын билдирди:

«Учурда биз калдык сактоочу жайдын экинчи баскычын куруп, аягына чыгайын деп калдык. Жерге төшөлгөн геомембрананын абалын текшерүү үчүн атайын чет элден адистер келишкен. Учурда текшерип жатышат жана олуттуу катачылыктар табылган жок. Ушул учурдан пайдаланып биз, дагы бир жолу жергиликтүү активисттерден тузүлгөн Элдик комиссиянын өкүлдөрүн да чакырдык” , - деп билдирди Масалбеков.

Курулуш иштеринин жүрүп жатканын жеринен көргөн комиссиянын мүчөлөрү алтын ылгоочу фабриканын калдык сактоочу жайынын экинчи баскычынын курулушуна оң баа беришип, бардык технологиялык нормалар экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн так сактоо менен курулганын белгилешти.

Элдик комиссиянын төрагасы Айдар Момунтаев курулуш иштеринин жүрүшүндө башынан баштап көзөмөл ирээтинде 2024-жылы эле үч жолу келип кетишкенин айтты:

«Биз буга чейин жаз, жай, күз айларында келгенбиз. “Альянс Алтын” компаниясы калдык сактоочу жайдын экинчи этабын курууда абдан ачык болушту. Бизге жана баардык көзөмөлдөөчү органдарга көргөшүп турушту. Айта кете турчу жагдай биринчи этабын курууда бираз кемчиликтер кеткен эле, бул этабында абдан жакшы курушту деп айтсак болот. Мен ойлойм, бул кен иштеши керек, Талас эли үчүн экологиялык нормаларды сактоо менен иш алып барса жакшы болот”, - деди Момунтаев.

Маалымат катары: Джеруй кениндеги калдык сактоочу жайдын аянты 64 гектарды түзөт, анын ичинен курулуштун биринчи баскычы 26 гектарды, экинчи баскычы 38 гектарды камтыйт жана ал агын суусу жок капчыгайда жайгашкан. Коркунучтардын (дээрлик коопсуз) 5-классына кирген калдык (кек) жарым кургак абалда жайгаштырылат. Саркынды суулар суу айлантуу системасы аркылуу кайра фабрикада колдонулат, бул дарыядан сууну алуу көлөмүн мүмкүн болушунча азайтат. Ошентип, калдык сактоочу жайдан айлана-чөйрөгө кандайдыр бир зыяндуу заттар чыкпайт. Эске сала кетсек, “Альянс Алтын” компаниясы өлкөдөгү ири салык төлөөчү ишканалардын алдыңкы катарында турат. Ишкана өз ишин баштаган жылдан тартып үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрына чейин өлкө казынасына 23,4 миллиард сом салык төккөн. Бүгүнкү күндө Жерүй кенин аймагында 1500гө жакын кызматкер эмгектенет.

Мындан тышкары окуңуз

"Тез жардам" медицна борборуна дагы 40 унаа сатылып алынат

"Тез жардам" медицна борборуна дагы 40 унаа сатылып алынат

Быйыл жаңы 40 тез жардам унаасы келерин “Кабар” агенттигине берген маегинде Тез жардам медицина борборунун директору Искендер Шаяхметов билдирди. Анын айтымында, унаа каражаттары эки этап менен жеткирилет. “Быйыл министрлик 40 жаңы тез жардам унаасын алып бергени турат. Бул унаалар келсе, ишибиз жеңилдейт деп турабыз. Мэрия бизге Маевка жана Жал айылдарынан

Президент жеңил өнөр-жай тармагынын көйгөйлөрүн чечүүнү тапшырды

Президент жеңил өнөр-жай тармагынын көйгөйлөрүн чечүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы жеңил өнөр-жай тармагынын, анын ичинде тигүү, маркетплейстер, логистикалык компаниялар, банктар жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен кеңейтилген жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда сектордун негизги көйгөйлөрү көтөрүлдү — каржылоого жеткиликтүүлүк, логистикалык чектөөлөр, экспорттук шарттар жана технологиялык жаңылануу маселелери. Катышуучулар тармакты ылдам өнүктүрүүгө жана тоскоолдуктарды жоюуга багытталган сунуштарын беришти. Мамлекет башчыс

Кыргызстандыктардын чет өлкөдө эс алуу табити өзгөрдүбү?

Кыргызстандыктардын чет өлкөдө эс алуу табити өзгөрдүбү?

Өткөн жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын жарандарынын чет өлкөдө эс алууга жумшаган чыгымдары, болжолдуу маалыматтар боюнча, 423,3 млн долларды түзгөнү Улуттук статистика комитетинин материалында келтирилген. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1%га төмөндөгөн. Ошону менен бирге, туристтик рыноктун катышуучулары кыргызстандыктардын чет өлкөлүк багыттарды тандоодогу табити өзгөргөнүн белгилешүүдө. Буга чейин

100 миң жаран идентификациялык номерлер боюнча кыйынчылыктарга дуушар болууда

100 миң жаран идентификациялык номерлер боюнча кыйынчылыктарга дуушар болууда

Бүгүн, 21-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды. Отурумда баяндама жасаган санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин биринчи орун басары Нурсултан Кубанов мыйзам долбоору ички карама-каршылыктарды жоюу жана КРнын