Тоголок алтын кенинин башкы объектилерин кытайлык компания курат

Тоголок алтын кенинин башкы объектилерин кытайлык компания курат

“Кумтөр Голд Компани” Тоголок алтын кенин өздөштүрүү долбоорунун негизги өндүрүштүк объектилерин курууну кытайлык “China Nerin Engineering Co., Ltd.” компаниясына тапшырды. Компания долбоорлоодон тартып объектилерди пайдаланууга берүүгө чейинки бардык иштерди аткарат.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтан билдиришкендей, ачык сынактын жыйынтыгында аталган компания алтын ылгоочу фабриканы, калдык сактоочу жайды, вахталык шаарчаны жана кенди иштетүүгө зарыл болгон башка инфраструктуралык объектилерди куруу боюнча жеңүүчү болгон.

Ишкана жетекчилиги белгилегендей, кытайлык компания курулуш иштерине гана жооп берет жана алтын казуу иштерине катышпайт. Тоголок кенин иштетүү толугу менен “Кумтөр Оперейтинг Компани” тарабынан жүргүзүлөт.

Тоголок кенин өнүктүрүү долбоору “Кумтөр Голд Компани” тарабынан өз каражатынын эсебинен каржыланууда. Долбоорду ишке ашырууда чет өлкөлүк инвестиция же насыя тартылган эмес. Кендин расмий бекитилген баланстык кору 19 тонна 928 килограмм алтынды түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кербен шаарын айланып өтүүчү 9 километр автожол курулууда

Кербен шаарын айланып өтүүчү 9 километр автожол курулууда

Аксы районундагы Кербен шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, жалпы узундугу 9 чакырымды түзгөн автожолго эки катмар асфальт төшөлөт. Учурда жолдун 6 километрине биринчи катмар асфальт төшөлдү. Курулушка 8 атайын техника жана 20га жакын кызматкер тартылган. Белгилей кетсек, буга чейин бул аймак эгин талаасы

Ишкер Media
Аймактарда толук күн иштей турган 9 бала бакча уюштуруу пландалууда

Аймактарда толук күн иштей турган 9 бала бакча уюштуруу пландалууда

Кыргызстандын аймактарында толук күндүк режимде иштей турган тогуз бала бакча уюштуруу пландалууда. Учурда алар үчүн ылайыктуу жайларды тандоо маселеси каралып жатат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 20-октябрда министрликте ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны өтүп, тогуз бала бакча үчүн жайларды тандоо жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы 128

Ишкер Media
Анимация жана улуттук балдар контентин өнүктүрүү. МинКаб кинематография менен кеңеш өткөрдү

Анимация жана улуттук балдар контентин өнүктүрүү. МинКаб кинематография менен кеңеш өткөрдү

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Кыргыз Республикасынын Улуттук кинематография кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйынга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, профилдик мекемелердин жетекчилери жана ата мекендик киноиндустриянын ишмерлери катышты. Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын 9 айында кинематография тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жыйынтыктары чыгарылып, Кеңештин мурунку жыйынынын чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү

Ишкер Media
Окуучулар үчүн 238 миңден ашык иш дептерлер чыгарылды

Окуучулар үчүн 238 миңден ашык иш дептерлер чыгарылды

"Окуу китеби" басма үйү" мамлекеттик мекемеси табигый илимдер жана математика предметтери боюнча жалпы 238 430 нуска иш дептери басылып чыгарылганын билдирди. Маалыматка ылайык, ал окуу-методикалык комплекттер аймактардагы мектептерге жеткирилип, окуучуларга таратылат. Анын ичинде 2-класстар үчүн Табигый илимдер предмети боюнча: • Кыргыз тилинде билим алган класстар үчүн

Ишкер Media