Элдик курултайдын делегаттары Жерүй кенинин иши менен таанышты

Элдик курултайдын делегаттары Жерүй кенинин иши менен таанышты

Талас облусунан дайындалган III Элдик курултайдын делегаттары 2024-жылдын 17-декабрь күнү Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышышты. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө компания делегаттарды Талас алтын кен комбинатынын иштөө процесси, калдык сактоочу жайдын абалы менен тааныштырышты.

Андан сырткары тегерек стол уюштурулуп делегаттар тарабынан берилген ар кыл суроолорго компаниянын кызматкерлери тарабынан жооптор берилди.

III Элдик курултайдын делегаттары ишкананын ишмердүүлүгу тууралуу өздөрү кызыккан бир топ суроого тиешелүү жоопторду алышканын айтып, сунуштарын дагы кошумчалашты.

«Бүгүн биз компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышып чыктык. Мындай ишкана, фабрикалар иштебесе өлкөбүздө өнүгүү болбойт деп ойлойм. Андыктан Талас облусубузда дагы көптөгөн ишканалар ачылышы керек. Мен өзүм ушул кенге жакын жайгашкан айыл аймактан болом. Жерүй кени иштегенден тартып, которулган салыктык каражаттардын эсебинен айылыбыздын социалдык-экономикалык абалы жакшырууда. Мисалга алсак, айылдарыбыздын жолдоруна асфальт төшөлүп, бала бакча, мектептерибиз толук кандуу оңдоодон өтүп жана башка бир катар көйгөйлүү маселелерибиз чечилүудө», - деди Талас районунун Кеңеш айылынан шайланган делегат Айсулуу Байкеева.

Жолугушуу учурунда «Альянс Алтын» компаниясы тарабынан негизделген «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун ишмердүулүгү тууралуу делегаттарга фонддун директору Батырбек Качкымбаев маалымат берди.

«Альянс Алтын» ишканасы иштеп баштагандан тартып өлкө казынасына 23 миллиард сомдон ашуун каражат которгон. Кендин аймагында 1500ге жакын кызматкер эмгектенет.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда жана скверлерде үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды уюштуруу каралат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Шаар мэри Айбек Жунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери менен таанышты. Текшерүү учурунда мэр сейил бактарды жана скверлерди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.