"Ак шумкарлар" Вьетнамды 2:1 эсебинде жеңди

"Ак шумкарлар" Вьетнамды 2:1 эсебинде жеңди

Кечээ өлкөнүн футбол боюнча улуттук курамасы Вьетнамдын курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрүп, 2:1 эсебинде жеңишке жетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, оюндун жүрүшүндө алгач атаандаштар эсеп ачып, биринчи тайм 1:0 эсебинде аяктаган.

Кыргызстандын атынан Валерий Кичин эсепти теңеп, Эрбол Атабаев акыркы мүнөттөрдө жеңиш голун киргизди.

Бул Кыргызстандын Вьетнамдагы окуу-машыгуу жыйынынын алкагындагы экинчи беттеши болду.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын улуттук курамасы Кытай Тайбэйинин командасын 3:0 эсебинде жеңген.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АКШдагы банктардын ишинде үзгүлтүк катталды: КРУБ КРда банк системасы туруктуу иштеп жатканын билдирди

Бишкекте майыптыгы бар адамдарды караган жарандарга жардам көрсөтүлдү

Кытайда эл аралык логистикалык конференция өттү

Бишкекте кайсы курулуш объектилери текшерилди?

Бишкектеги 8 акча алмаштыруу бюросуна 55 миң сомдон айып пул салынды