10 айда 5,3 млрд сомдук баалуу кагаздар сатылганы айтылды

10 айда 5,3 млрд сомдук баалуу кагаздар сатылганы айтылды

Кыргыз фондулук брижасы 10 айда жалпы 210 млрд 532 млн сомдук бүтүмдөрдү жасады. Бул тууралуу аталган фонддун вице-президенти Мыктыбек Абиров "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, бул аралыкта 1810 бүтүм (сатуу жана сатып алуу келишими) түзүлгөн. Анын ичинен 5 млрд 385 млн сомдук бүтүмдөр мамлекеттик баалуу кагаздарга тиешелүү.

"Мамлекеттик баалуу кагаздар дүйнөдө ишенимдүү болуп эсептелинет. Мамлекет өзүнүн карызын ар дайым төлөп берет. Ошондуктан банктар, камсыздандыруу компаниялар, юридикалык жактар жана башка финансылык институттар мамлекеттик баалуу кагаздарга инвестиция кылышат", - деди ал.

Абиров мамлекеттик баалуу кагаздарды президент дагы сатып алганын кошумчалады.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

20-ноябрда Селекция айылында суу убактылуу өчүрүлөт

"Ак шумкарлар" Вьетнамды 2:1 эсебинде жеңди

АКШдагы банктардын ишинде үзгүлтүк катталды: КРУБ КРда банк системасы туруктуу иштеп жатканын билдирди

Бишкекте майыптыгы бар адамдарды караган жарандарга жардам көрсөтүлдү

Кытайда эл аралык логистикалык конференция өттү