АКШдагы банктардын ишинде үзгүлтүк катталды: КРУБ КРда банк системасы туруктуу иштеп жатканын билдирди
АКШда 16-ноябрда бир катар ири банктардын кардарлары онлайн-банкингге кирүүдө жана акча которууда кыйынчылыктарга туш болушту. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өлкөнүн банк системасы штаттык режимде иштеп жатканын маалымдады.
Associated Press агенттигинин маалыматына караганда, JPMorgan Chase банкындагы программалык мүчүлүштүк айрым банктык операциялардын кечигишине себеп болгон. Downdetector кызматына колдонуучулар тарабынан түшкөн билдирүүлөрдө Bank of America, Chase, US Bank, Wells Fargo жана Truist банктарынын электрондук кызматтарында көйгөйлөр болгону көрсөтүлгөн. Айрым кардарлар Zelle төлөм сервисинде да кечигүүлөргө туш болушкан.
JPMorgan Chase өкүлү техникалык мүчүлүштүк айрым транзакциялардын демейдегиден узак аткарылышына алып келгенин, бирок кардарлар өз эсептерине жана каражаттарына жетүү мүмкүнчүлүгүн сактап калганын билдирген. Банк көйгөй киберчабуулга байланыштуу эместигин белгилеген.
US Bank өз системалары түздөн-түз жабыркабаганын, бирок башка финансылык уюмдар менен Zelle аркылуу жүргүзүлгөн айрым төлөмдөр кечигиши мүмкүн экенин маалымдаган. Zelle сервисинин оператору болсо өз тармагы штаттык режимде иштеп жатканын билдирип, кечигүүлөр айрым банктардын системаларындагы көйгөйлөрдөн улам болушу мүмкүн экенин түшүндүргөн.
RTV.1 кече жарыяланган маалыматында JPMorgan Chase транзакциялар кайрадан кадимки режимде иштей баштаганын билдирген. Downdetector кызматы да айрым банктардын жана Zelle сервисинин ишиндеги көйгөйлөр боюнча билдирүүлөрдүн саны азайганын көрсөткөн.
Ал эми КРнын Улуттук банкы өлкөдөгү бардык коммерциялык банктар туруктуу жана штаттык режимде иштеп жатканын билдирди. Анын маалыматына ылайык, банктар кардарларга кызмат көрсөтүүнүн бардык түрлөрүн сунуштап, анын ичинде улуттук жана эл аралык төлөм системалары аркылуу төлөмдөрдү өткөрүп жатышат.
Улуттук банк социалдык тармактарда жана мессенджерлерде интернеттин, байланыштын жана банк системаларынын глобалдык үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экендиги тууралуу тарап жаткан маалыматтар расмий тастыкталбаганын белгиледи.
Ошондой эле жарандарга маалыматты Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын расмий ресурстарынан гана текшерүү сунушталды. Банктык кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу маселе жаралса, кардарлар өз банктарына расмий сайттары, колл-борборлору, социалдык тармактары жана мессенджерлери аркылуу түз кайрыла алышат.
Улуттук банк кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүп турат жана зарыл болгон учурда өлкөнүн банк жана төлөм системаларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, ошондой эле кардарлардын, аманатчылардын жана банктардын башка кредиторлорунун кызыкчылыктарын коргоо үчүн тиешелүү чараларды көрөт.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу