Ири өлчөмдөгү мыйзамсыз косметика кармалды

Ири өлчөмдөгү мыйзамсыз косметика кармалды
Сүрөт Салык кызматынан алынды

“Ак-Жол” көзөмөл-өткөрүү жайында бетти тарттыруу үчүн мыйзамсыз инъекциялык каражаттардын жана ботокс аналогдорунун партиясы кармалганын Салык кызматымаалымдады. 

Ведомство тараткан маалыматта сырттан келген товардын тиешелүү тастыктамалары болгон эмес жана коштомо документтер жасалма экендиги аныкталган.

Алынган жүктүн болжолдуу баасы 1,5 миллион сом экенин айтылууда. Мыйзамсыз жүктү ташыган автоунаа айып короого киргизилип, материалдар бажы органдарына өткөрүп берилгени маалым болду.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

20-ноябрда Селекция айылында суу убактылуу өчүрүлөт

"Ак шумкарлар" Вьетнамды 2:1 эсебинде жеңди

АКШдагы банктардын ишинде үзгүлтүк катталды: КРУБ КРда банк системасы туруктуу иштеп жатканын билдирди

Бишкекте майыптыгы бар адамдарды караган жарандарга жардам көрсөтүлдү

Кытайда эл аралык логистикалык конференция өттү