Кытайда эл аралык логистикалык конференция өттү

Кытайда эл аралык логистикалык конференция өттү

КРнын Соода-өнөр жай палатасынын Кытайдагы өкүлү Эдилбек Эргешов "Логистикалык жабдуулар жана технологиялар экосистемасы – 2026" эл аралык конференциясына катышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кытайдын алдыңкы транспорттук-логистикалык компаниялары кампаларды автоматташтыруу, роботтоштуруу, айдоочусуз электр транспортун колдонуу жана логистикалык процесстерди санариптештирүү боюнча заманбап чечимдерин тааныштырышты.

Маалым болгондой, анда мындай технологияларды киргизүү жеткирүү чыгымдарын 50%га чейин кыскартууга мүмкүндүк берери белгиленди.

Конференцияга катышуу Кытайдын алдыңкы тажрыйбасын өздөштүрүү, кыргыз-кытай ишкердик кызматташтыгын кеңейтүү жана Кыргызстандын транспорттук-логистикалык инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө максатын көздөдү.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте кайсы курулуш объектилери текшерилди?

Бишкектеги 8 акча алмаштыруу бюросуна 55 миң сомдон айып пул салынды

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүнө 70 түп сирень отургузулду

Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?