Бишкекте майыптыгы бар адамдарды караган жарандарга жардам көрсөтүлдү
Бишкектин Свердлов районунда бала кезинен I топтогу майыптыгы бар, туруктуу кароого жана көзөмөлгө муктаж адамдарды багып жаткан жарандарга азык-түлүк жардамын көрсөтүү улантылууда.
Мэрияынын маалыматына караганда, бул демилге Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Өлкөлүк стратегиялык планынын алкагында ишке ашырылууда.
Жардам алуучуларга ун, өсүмдүк майы жана буурчак камтылган азык-түлүк топтомдору берилүүдө.
Аталган иш-чара өзгөчө камкордукка жана туруктуу жардамга муктаж жакындарына күн сайын кам көрүп келген жарандарды колдоого багытталган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу