“Союлган” унааларды киргизүүгө тыюу салынды

“Союлган” унааларды киргизүүгө тыюу салынды

Кыргызстанга унаалардын кузовдорун алып келүүгө убактылуу тыюу салынганын Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

 Эске салсак буга чейин Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 7-мартындагы №121-токтому менен M1 категориясындагы (жеңил автоунаалар) транспорт каражаттарынын кузовдорун алып келүүгө биринчи жолу убактылуу тыюу салынган. Эми 3-октябрдагы МинКабдын жаңы токтому менен бул чаранын мөөнөтү дагы алты айга узартылды.

Өкмөттүн мындай чечими кузовду алмаштыруу деген жүйө менен бажы тариздөөдөн өтпөгөн унааларды мыйзамсыз легалдаштыруулардын көбөйүшүнө байланыштуу кабыл алынган. Ошондой эле ар кандай тетиктерден чогултулган, техникалык жана укуктук талаптарга жооп бербеген автоунаалардын пайдаланууга чыгып жатышы да убактылуу тыюу салууга себеп болгон. 

Бул токтомду ишке ашыруу бажы жана салык төлөмдөрүн башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, автоунаалардын көмүскө жүгүртүүсүн кыскартууга, алардын эксплуатациясынын коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле Кыргызстандын ЕАЭБалдындагы эл аралык милдеттенмелерин аткарууга өбөлгө түзөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

20-ноябрда Селекция айылында суу убактылуу өчүрүлөт

"Ак шумкарлар" Вьетнамды 2:1 эсебинде жеңди

АКШдагы банктардын ишинде үзгүлтүк катталды: КРУБ КРда банк системасы туруктуу иштеп жатканын билдирди

Бишкекте майыптыгы бар адамдарды караган жарандарга жардам көрсөтүлдү

Кытайда эл аралык логистикалык конференция өттү