Ысык-Көлдөн быйыл 9 айда 7 тонна таштанды алынды

Ысык-Көлдөн быйыл 9 айда 7 тонна таштанды алынды

“Биринчи радиого” берген маегинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдар кызматынын жетекчиси Сабыржан Аламанов 2025-жылдын 9 айында Ысык-Көлдөн 70 200 метр балык уулоочу тор жана 7 тонна таштанды чыкканын билдирди.

Суучулдар кызматы Көлдөн 2023-жылы 22 тонна, 2024-жылы 12 тонна таштанды алып чыккан. С.Аламановдун айтымында, таштандылар негизинен 3-40 метр тереңдикте тазаланат. Браконьерлер торлорду түнкүсүн жайгандыктан суучулдар текшерүүгө, тазалоого түн ичинде чыгышат.

Суучулдар таштандыдан сырткары айрым учурда өткөн кылымдардагы эски буюмдарды да таап алышып музейге өткөргөн учурлар болот. 

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көл облусунда инфраструктуралык объектилердин ачылышы болду

Ысык-Көл облусунда инфраструктуралык объектилердин ачылышы болду

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Түп филиалынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Имараттын курулушу 2025-жылдын июнь айында башталган. Анда жумушчу кабинеттер, арыздарды кабыл алуу жайы жана күтүү залы каралган.

Ишкер Media
Президент Күрп-Сай ГЭСин реконструкциялоо иштери башталганын айтты

Президент Күрп-Сай ГЭСин реконструкциялоо иштери башталганын айтты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров "Күрп-Сай" ГЭСин реконструкциялоо иштери башталганын маалымдады. Бул тууралуу президент бүгүн Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын тургундары менен жолугушууда айтты. Президент былтыр Кара-Көлдө кубаттуулугу 18 мегаватт болгон жаңы ГЭСтин ачылышына катышканын эстеп, ал станция өлкөдө электр энергиясын өндүрүүгө салым кошуп жатканын белгиледи.

Ишкер Media
Бишкекте “АгроТехЭкспо-2026” агроөнөр жай көргөзмөсү жана “Алтын күз” жарманкеси өтүүдө

Бишкекте “АгроТехЭкспо-2026” агроөнөр жай көргөзмөсү жана “Алтын күз” жарманкеси өтүүдө

Бишкекте 23–25-октябрь күндөрү “АгроТехЭкспо-2026” агроөнөр жай көргөзмөсү жана “Алтын күз” жарманкеси өтүп жатат. Анда азык-түлүк товарлары арзандатылган социалдык баада сатып алуу каралган, иш-чара Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта уюштурулууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, жарманкеде өлкөнүн айыл

Ишкер Media
Бишкек шаары Борбор Азия коалициясына кошулду

Бишкек шаары Борбор Азия коалициясына кошулду

Бишкек шаары туруктуу шаарлар үчүн Борбор Азия коалициясынын курамына кошулду. Бул тууралуу борбордун мэриясынан бүгүн кабарлады. Билдирүүгө караганда, Бишкек менен катар коалицияга Манас, Тажикстандан Исфара, Өзбекстандан Фергана жана Кокон шаарлары да кошулду. Бишкек шаарынын мэриясынын Өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Давлетбек Түгөлбаев Борбор Азия шаарларынын коалициясынын түзүлүшүн Бишкек шаары толук колдой

Ишкер Media