Бишкекте “АгроТехЭкспо-2026” агроөнөр жай көргөзмөсү жана “Алтын күз” жарманкеси өтүүдө
Бишкекте 23–25-октябрь күндөрү “АгроТехЭкспо-2026” агроөнөр жай көргөзмөсү жана “Алтын күз” жарманкеси өтүп жатат. Анда азык-түлүк товарлары арзандатылган социалдык баада сатып алуу каралган, иш-чара Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта уюштурулууда.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, жарманкеде өлкөнүн айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн продукциялары сунушталып, айыл чарба техникаларынын көргөзмөсү уюштурулуп, тармактагы инновациялык технологиялар жана санарип чечимдер тааныштырылууда.
Көргөзмөдө эмнелер сунушталууда?
- Айыл чарбасында колдонулуучу заманбап технологиялар, кыргыз спутнигинин прототиби жана дрондор;
- Асыл тукум малдар жана балык чарбасы;
- Органикалык айыл чарба азыктары жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциялары;
- Фермерлер үчүн iDiykan санариптик платформасы;
- “АБанк” жана “Элдик Банк” аркылуу жеңилдетилген лизинг жана каржылоо программалары боюнча консультациялар.
“Алтын күз” жарманкесинде фермерлер жана кайра иштетүүчү ишканалар өз продукцияларын ортомчусуз, түздөн-түз керектөөчүлөргө сунуштап жатышат. Ошондой эле азык-түлүктөр социалдык баада сатылууда. Атайын фудтрактарда сөөктүү уй этинин килограммы 680 сомдон сунушталууда.