Президент Күрп-Сай ГЭСин реконструкциялоо иштери башталганын айтты
Өлкө башчысы Садыр Жапаров "Күрп-Сай" ГЭСин реконструкциялоо иштери башталганын маалымдады. Бул тууралуу президент бүгүн Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын тургундары менен жолугушууда айтты.
Президент былтыр Кара-Көлдө кубаттуулугу 18 мегаватт болгон жаңы ГЭСтин ачылышына катышканын эстеп, ал станция өлкөдө электр энергиясын өндүрүүгө салым кошуп жатканын белгиледи.
"Ошондой эле "Камбар-Ата-1" ГЭСи, "Камбар-Ата-2" ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү долбоору жүзөгө ашырылууда", - деди президент.