Бишкек шаары Борбор Азия коалициясына кошулду
Бишкек шаары туруктуу шаарлар үчүн Борбор Азия коалициясынын курамына кошулду. Бул тууралуу борбордун мэриясынан бүгүн кабарлады.
Билдирүүгө караганда, Бишкек менен катар коалицияга Манас, Тажикстандан Исфара, Өзбекстандан Фергана жана Кокон шаарлары да кошулду.
Бишкек шаарынын мэриясынын Өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Давлетбек Түгөлбаев Борбор Азия шаарларынын коалициясынын түзүлүшүн Бишкек шаары толук колдой турганын белгиледи.
Коалиция шаарларга тажрыйба алмашууга жана суу ташкындарына, жер титирөөлөргө жана башка кооптуу жаратылыш кубулуштарына даярдыкты жогорулатуу боюнча практикалык чечимдерди иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле бирикме шаарларды узак мөөнөттүү өнүктүрүүнү пландаштырууда климаттык тобокелдиктерди эске алууга көмөктөшөт.