Ысык-Көл облусунда инфраструктуралык объектилердин ачылышы болду

Ысык-Көл облусунда инфраструктуралык объектилердин ачылышы болду

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Түп филиалынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

Имараттын курулушу 2025-жылдын июнь айында башталган. Анда жумушчу кабинеттер, арыздарды кабыл алуу жайы жана күтүү залы каралган. Кызматкерлердин натыйжалуу иштеши жана жарандарды тейлөөнүн сапатын жогорулатуу үчүн зарыл шарттар түзүлгөн.

Андан соң Министрлер Кабинетинин башчысы Түп айылындагы “Ак-Кайың” эс алуу паркынын ачылыш аземине катышты. Объекттин курулушу 2026-жылы аяктаган.

Министрлер Кабинетинин башчысы өлкө боюнча аймактардын тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу эс алуу шарттары түзүлүп, коомдук жайлар көрктөндүрүлүп жана туристтик инфраструктура өнүгүп жатканын белгиледи.

Мындай долбоорлор калктуу конуштарды жашоо жана саякаттоо үчүн жагымдуураак кылып, жергиликтүү ишкердиктин өнүгүшүнө жана жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк акча алмаштыруу бюросун жоопко тартты. Улуттук банктын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жайгашкан "Алтай Бекбай" ЖЧКнын алмашуу бюросу тийиштүү мыйзам бузуулары үчүн лицензиясынын аракети убактылуу токтотулду. Тактап айтканда, аталган бюронун иши 23-октябрдан тартып

Ишкер Media
Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы

Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы

Гавриловка айыл өкмөтүндө жолдорду оңдоо, калкты таза суу менен камсыз кылуу, аймакты көрктөндүрүү жана таштандыларды чыгаруу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, бүгүн агенттиктин директору Эльчибек Джантаев Гавриловка айыл өкмөтүнө иш сапары менен барып,

Ишкер Media
Президент Күрп-Сай ГЭСин реконструкциялоо иштери башталганын айтты

Президент Күрп-Сай ГЭСин реконструкциялоо иштери башталганын айтты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров "Күрп-Сай" ГЭСин реконструкциялоо иштери башталганын маалымдады. Бул тууралуу президент бүгүн Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын тургундары менен жолугушууда айтты. Президент былтыр Кара-Көлдө кубаттуулугу 18 мегаватт болгон жаңы ГЭСтин ачылышына катышканын эстеп, ал станция өлкөдө электр энергиясын өндүрүүгө салым кошуп жатканын белгиледи.

Ишкер Media
Бишкекте “АгроТехЭкспо-2026” агроөнөр жай көргөзмөсү жана “Алтын күз” жарманкеси өтүүдө

Бишкекте “АгроТехЭкспо-2026” агроөнөр жай көргөзмөсү жана “Алтын күз” жарманкеси өтүүдө

Бишкекте 23–25-октябрь күндөрү “АгроТехЭкспо-2026” агроөнөр жай көргөзмөсү жана “Алтын күз” жарманкеси өтүп жатат. Анда азык-түлүк товарлары арзандатылган социалдык баада сатып алуу каралган, иш-чара Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта уюштурулууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, жарманкеде өлкөнүн айыл

Ишкер Media