КРнын Финансы министрлиги сынак жарыялайт

КРнын Финансы министрлиги сынак жарыялайт

КРнын Финансы министрлиги 2025-жылдын IVчейрегинде мамлекеттик сектордогу ички аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна сынак өткөрүү жөнүндө жарыялайт. Министрликтен кабарлагандай, квалификациялык сынактын датасы - 2025-жылдын 22-октябры. Андыктан, мамлекеттик сектордогу  ички аудитордун квалификациялык сертификатын алууну каалагандар сынакка катышуу үчүн документтерди тапшырышы керектелет.

 Квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксат берүү үчүн талапкерлер төмөнкү документтерди Финансы министрлигине тапшырат:

1.    квалификациялык сынакка кирүүгө уруксат берүү жөнүндө арыз;
2.    паспорттун көчүрмөсү;
3.    ЖОЖ дипломдун көчүрмөсү;
4.    экономикалык иш стажысын тастыктаган эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
5.    3x4 өлчөмүндөгү эки сүрөт.
6.    ушул чөйрөдөгү мамлекеттик орган тарабынан берилген, соттолбогондугун күбөлөндүрүүчү документ.

 Эскертүү: Ички аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна сынак мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.  

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Жыл башынан бери абаны булгаган унааларга 8,1 млн сом айып салынды

Жалал-Абадда 1 977 үй-бүлө ипотекалык батирлүү болду

Аламүдүн районунда түтүн чыгарган унааларга айып салынды

Баткен шаарында жолдор төрт тилкеге кеңейтилүүдө

Жалал-Абад облусу боюнча 16 объект пайдаланууга берилди