2026-жылы Кыргызстанда 29-ZOOM видеожаңылыктар сынагы өтөт

2026-жылы Кыргызстанда 29-ZOOM видеожаңылыктар сынагы өтөт

Түркиянын жаңылык операторлор ассоциациясынын төрагасы Айтэкин Полател жана түрк маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен КРнын Президенинин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов жолугушту. Мындай маалыматты Алагөзов өзүнүн фейсбук баракчасында жарыялады.

Айтымында, жолугушууда түрк тилдүү өлкөлөрдүн маалымат агенттиктери менен телеканалдарынын ортосундагы кызматташууну кеңейтүү, биргелешкен медиа долбоорлорду өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле 27 жылдан бери өтүп келген ZOOM эл аралык видеожаңылыктар сынагы тууралуу да пикир алмашуу болуп, бул сынак  дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген операторлор менен журналисттердин мыкты жаңылык видеолору бааланган ири эл аралык медиа иш-чара болуп калгандыгы белгиленген.
Өткөн жылы бул сынак Бакуда, быйыл Анкарада, ал эми 2026-жылы 29-ZOOM видеожаңылыктар сынагы Кыргыз Республикасында өтмөкчү – деп билдирди А.Алагөзов.

Сынактын шарттары, жол-жобосу тууралуу кошумча маалымат берилиши күтүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек – Кант – Токмок жолун оңдоп-түзөө иштери башталат

Бишкек – Кант – Токмок жолун оңдоп-түзөө иштери башталат

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Бишкек –Кант унаа жолуна барып, жолдун учурдагы абалы жана транспорт агымы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө министрге тиешелүү кызматтар тарабынан маалымат берилип, жол кыймылынын коопсуздугун

Жаш Гвардия бульварындагы көпүрө оңдолот

Жаш Гвардия бульварындагы көпүрө оңдолот

24-июндан тарта Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги жаңы транспорттук жол түйүнүн жана көпүрөнү куруу иштеринин экинчи этабынын алкагында аталган кесилиш унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, долбоордун биринчи этабында Бөкөнбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин Бакаев көчөсүн улап ачуу

Ошто коомдук транспоттун каттамдык багыты өзгөртүлөт

Ошто коомдук транспоттун каттамдык багыты өзгөртүлөт

Ош шаарында коомдук транспорттун каттамдык багыттарын кайра кароо боюнча комиссиянын биринчи жыйыны өттү. Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев төрагалык кылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, жыйында шаар чоңоюп, калктын саны көбөйүп жатканы айтылды. Жаңы конуштар, жаңы көчөлөр пайда болду, жолдор өзгөрдү. Борбордук базар жаңы

Шаар четиндеги каттамдарга жол кире накталай эмес төлөмдө алынып баштады

Шаар четиндеги каттамдарга жол кире накталай эмес төлөмдө алынып баштады

"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы тарабынан шаар четиндеги жана шаар аралык автобус каттамдарында “Бакай Банк” ЖАКтын QR-коддору аркылуу накталай эмес жол кире төлөө системасы пилоттук режимде ишке киргизилди. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, учурда жаңы төлөм системасын этап-этабы менен киргизүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын алкагында программалык камсыздоо,