Ага-Хан фонду Каба токой чарбасына 2 млн сомго жакын инвестиция тартты

Ага-Хан фонду Каба токой чарбасына 2 млн сомго жакын инвестиция тартты

2026-жылы Ага-Хан фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлордун алкагында Каба токой чарбасына 1 млн 900 миң 402 сомдук материалдык-техникалык колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу Токой кызматы билдирди.

Анын ичинде:

• "Токойлорду жашылдандыруу жана колдоо" долбоору аркылуу экме токойлордун аянтын тосуу үчүн 1 млн 654 миң сомго зым тосмо сатып алынды. Бул экме токойлорду коргоого жана алардын өсүп-өнүгүүсүнө шарт түзүүгө багытталган.

• Токой көчөтканаларын өнүктүрүү долбоорунун алкагында 246 миң 402 сомго жамгырлатып сугаруу системасынын жабдуулары алынды. Система көчөттөрдү өз убагында сугарууга, сууну үнөмдүү пайдаланууга жана сапаттуу көчөттөрдү өстүрүүгө шарт түзөт.

Маалыматка караганда, көрсөтүлгөн колдоо Каба токой чарбасынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга, экме токойлорду коргоого жана токой чарбасынын туруктуу өнүгүшүнө салым кошот.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Балыкчы шаарында 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Балыкчы шаарында 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Ысык-көл облусунун Балыкчы шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн негизинде 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты. Билдирүүгөкараганда, 2018-жылы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн токтомунун негизинде Балыкчы шаарындагы эркин экономикалык зонанын аймагында жайгашкан “Аэродромдун” 30 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен “Т.” ЖЧКсына жеке

Ишкер Media
Аймен Касенов Президентке талапкерлигин көрсөттү

Аймен Касенов Президентке талапкерлигин көрсөттү

Бүгүн Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн арызы менен кайрылган. Касенов Аймен Абдыталипович  1974-жылы 11-апрелде Бишкек шаарында

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия айыл чарба жаатында кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Монголия айыл чарба жаатында кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Монголия ата мекендик жашылча-жемиштерди жана кургатылган мөмө-жемиштерди Монголия рыногуна экспорттоону кеңейтүү, ошондой эле мал чарбачылыгы жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу

Ишкер Media
Кыргызстан Түрк дүйнөсүнүн камсыздандыруу кызматташтыгына катышты

Кыргызстан Түрк дүйнөсүнүн камсыздандыруу кызматташтыгына катышты

Кыргызстандын Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын өкүлдөрү Түркияда өткөн Түрк дүйнөсү камсыздандыруу биримдигинин 5-эл аралык камсыздандыруу саммитине жана 2-жалпы жыйынына катышты. Бул тууралуу аталган мекемден кабарлашты. Маалыматка ылайык, иш-чаралар 2026-жылдын 8–11-октябрында өткөрүлдү. 8-октябрда Стамбул финансы борборунда 5-эл аралык камсыздандыруу саммити

Ишкер Media