Балыкчы шаарында 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды
Ысык-көл облусунун Балыкчы шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн негизинде 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.
Билдирүүгөкараганда, 2018-жылы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн токтомунун негизинде Балыкчы шаарындагы эркин экономикалык зонанын аймагында жайгашкан “Аэродромдун” 30 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен “Т.” ЖЧКсына жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.
Ушуга жараша, көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы баасы 484 млн 263 миң сомду түзгөн аталган жердин тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылып берилди.