Кыргызстан менен Монголия айыл чарба жаатында кызматташтыкты талкуулады
Кыргызстан менен Монголия ата мекендик жашылча-жемиштерди жана кургатылган мөмө-жемиштерди Монголия рыногуна экспорттоону кеңейтүү, ошондой эле мал чарбачылыгы жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал менен жолугушту.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана айыл чарба продукцияларынын өз ара соодасын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын Монголия рыногуна чыгаруу, ишкер чөйрөлөр ортосунда түз байланыш түзүү жана соода жүгүртүүнү көбөйтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле мал чарба продукциялары менен соода жүргүзүүнүн келечеги, ветеринардык-санитардык талаптарды эске алуу менен кызматташтыкты мындан ары иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленди.
Жыйынтыгында тараптар кыргыз-монгол кызматташтыгын өнүктүрүүгө, ата мекендик айыл чарба продукцияларынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого кызыкдар экенин билдиришти.