Аймен Касенов Президентке талапкерлигин көрсөттү
Бүгүн Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө караганда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн арызы менен кайрылган.
Касенов Аймен Абдыталипович 1974-жылы 11-апрелде Бишкек шаарында туулган. Экономика, юридика жана менеджмент тармагында жогорку билимге ээ.