Рено Винье чакан ишканалардын мүмкүнчүлүгү чоң экенин билдирди

Рено Винье чакан ишканалардын мүмкүнчүлүгү чоң экенин билдирди

2017-жылдан тарта Швейцария өкмөтү Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанга чакан бизнести колдоо демилгесинин алкагында 12 миллиондон ашык евро бөлгөнүн Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин экономикалык өнүгүү багытынын жетекчиси Рено Винье “Борбор Азиядагы жана Монголиядагы чакан, орто бизнести колдоо” конференциясында билдирди.

Анын айтымында, Швейцарияда компаниялардын 99 пайызы чакан жана орто ишканалар жана ошолор өлкө экономикасын атаандаштыкка туруктуу кылат. 

“Бизге конференциянын “Чакан жана орто ишканаларды өстүрөбүз – көп жана күчтүү” деген темасы жагып жатат. Бирок, швейцариялык көз караш менен алганда “көп” деген дайыма  эле негизги боло бербейт. Эң негизгиси ишканалар ийкемдүү жана акылдуу болуш керек. Кээ бир учурда чакан ишканалар деле ийгиликтүү боло алат”,-дейт Рено Винье. 

Буга улай ал көптөгөн майда ишканалардын аракеттеринин биригүүсү, идеяларды алмашуу жана бирдиктүү аракеттер жакшы жыйынтыктарга жеткирерин кошумчалады.   

Мындан тышкары окуңуз

Сапаттуу билим алуу DemirBank менен мүмкүн – 0% пайыздык окуу насыясы

Сапаттуу билим алуу DemirBank менен мүмкүн – 0% пайыздык окуу насыясы

Жакшы билим – баланын келечегине жасалган маанилүү инвестициялардын бири. Бирок, бир окуу жылына төлөмдү бир учурда төлөө зарылчылыгы үй-бүлө үчүн олуттуу каржылык жүк болушу мүмкүн. DemirBank бир жолку төлөмдүн зарылчылыгынан улам тандалган билимди кийинкиге калтырууга жол бербеген чечимди сунуштайт. DemirBankтын окуу насыясы жылдык 0% жана комиссиясыз берилет. Анын жардамы менен

Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок жолуна асфальт төшөлүүдө

Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок жолуна асфальт төшөлүүдө

Чүй облусундагы Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок автомобиль жолунда эки тараптуу асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 5 чакырым тилкесин асфальттоо каралган. Учурда №32 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан жол куруу иштери кызуу темпте жүргүзүлүүдө. Ишке 30га жакын

Бишкекте 285 жумуш орду түзүлө турган үч ишкана ачылат

Бишкекте 285 жумуш орду түзүлө турган үч ишкана ачылат

Бишкекте "100 өнөр жай ишканасы — 2026" программасынын алкагында жаңы өндүрүш объектилерин ишке киргизүүгө даярдык жүрүүдө. Алардын даярдыгын 25-августта шаар мэри Айбек Жунушалиев текшерди. "КыргызТрансформатор" ЖЧКсында күч трансформаторлорун чыгаруу пландалууда. Учурда курулуш-монтаждоо иштери аяктап, жабдуулар орнотулду. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 1 миң трансформаторду түзүп, 50гө

Бишкекте өзгөчө балдар үчүн ат үстүндөгү терапия уюштурулууда

Бишкекте өзгөчө балдар үчүн ат үстүндөгү терапия уюштурулууда

Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн иппотерапия боюнча сабактар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Сабактар 25-июндан 15-сентябрга чейин Ататүрк атындагы сейил бакта өтөт. Аларды спорт инструкторлору өткөрүп, балдар ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосунда катышат. Маалыматка ылайык, күн сайын иппотерапия сабактарына орточо 10–15 бала