Бишкектеги 8 акча алмаштыруу бюросуна 55 миң сомдон айып пул салынды
Бишкек шаарындагы сегиз акча алмаштыруу бюросуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, укук бузууларга байланыштуу ар бир алмашуу бюросуна 55 миң сомдон айып пул чегерилген.
Натыйжада салынган айып пулдардын жалпы суммасы 440 миң сомду түздү.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу