Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Талас облусунда катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын өркүндөтүү жана таштандыларды чогултуу, чыгаруу кызматтарынын сапатын жогорулатуу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул багыттагы иштер 2025–2030-жылдарга карата кызматтарды жакшыртуу боюнча аракеттер планынын алкагында ишке ашырылууда.

2025-жылдын 26-августунда мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын ортосунда кызматташтык меморандумуна кол коюлган. Анын негизинде "Бир аймак – бир полигон!" принциби менен Талас шаары, Талас жана Бакай-Ата райондорунун биргелешкен иш-аракеттери уюштурулган.

Мындан тышкары, 2026-жылдын 14-ноябрында муниципалитеттер аралык бирдиктүү иш-аракеттер планы бекитилип, калдыктарды башкаруу жаатындагы кызматташтыкты күчөтүү иштери уланууда.

Бакай-Ата районунда заманбап таштанды полигонун жана калдыктарды кайра иштетүүчү ишкана куруу үчүн 8 гектар жер тилкеси бөлүнгөн.

Ошондой эле республикалык конкурстун жыйынтыгында 14 млн сомдук грант утуп алынып, бул каражаттын жана жергиликтүү өздүк салымдардын эсебинен төрт атайын автоунаа сатып алынган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?

Кызыл-Кыядагы курулуш боюнча 200 миң сом айып пул салынды

Жеңиш чокусунда калган Наталия: Аварияга учураган тик учактын чыгымы төлөндү

Кыргызстан менен Пакистан товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча талкуулашты

Бишкектеги бир катар үйлөрдө жылуулук жана ысык суу өчүрүлдү