Бишкекте кайсы курулуш объектилери текшерилди?
Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан курулуш объекттеринде рейддик иш-чаралар системалуу жүргүзүлүүдө.
Мекемеден кабарлагандай, рейддин жүрүшүндө "нөл цикли" аяктаганга чейин курулуш объектилерин жарнамалоого жана турак жайларды сатууга тыюу салынган буйруктун аткарылышы текшерилүүдө.
Анын алкагында төмөнкү курулуш объектилери каралды:
- Сүйүмбаев көчөсү 61;
- Осмонкул көчөсү 78, 80;
- Сыдыков көчөсү 82 жана 9а даректеринде 12 кабаттуу турак үйдүн курулушу - подрядчы "Аслан Строй" ЖЧКсы;
- Граждан көчөсү 63 дарегиндеги 9 кабаттуу турак үйдүн курулушу - "Миран" ЖЧКсы;
- Ленин проспектиси 26 дарегиндеги 10 кабаттуу турак үйдүн курулушу - "Осмон Строй" ЖЧКсы (Лебединов айылы).
Бишкек шаардык мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы министрликтин буйругунда белгиленген талаптарды жана берилген эскертүүлөрдү өз убагында аткаруу зарылдыгын эскертет.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу