Күйүүчү майга болгон баалар өсүп жатат

Күйүүчү майга болгон баалар өсүп жатат

Август айынан бери Россияда бензин менен дизель майынын баасы көтөрүлүп баштаган, эми мындай көрүнүш Кыргызстанга да келип жетти. Мындай маалыматты Кактус медиа маалымат булагы Россиянын статкызматына шилтеме берүү менен жарыялады.

Росстаттын маалыматы боюнча, 6-октябрдан 13-октябрга чейин Россияда бензиндин орточо чекене баасы литрине 64,82 рублди (мурунку жумага караганда 0,76%га өскөн), ал эми дизель майы 73,24 рублди (бир жумада 0,41%га өскөн) түзгөн.

Кыргызстанда учурда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин орточо эсеп менен 1 литри 74,4 сом, ал эми дизель майы 78,8 сомдон сатылууда. Акыркы жарым жылда күйүүчү майдын ар бир түрү 10 сомго кымбаттады.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкектеги бир катар үйлөрдө жылуулук жана ысык суу өчүрүлдү

Өлкөдө асыл тукум статусуна ээ болгон чарбаларга мониторинг жүргүзүлөт

2027-жылы республикалык бюджеттин көлөмү 1 трлн сомдон ашат

Аңчылыктын аякташына 1 айга жетпеген убакыт калды

Депутаттар Кочкордогу чокуга Ормон хандын ысымын ыйгарууну жактырышты