«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу

«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу

Көз карандысыз Кыргызстанды жакынкы жылдары өнүккөн, күчтүү, дүйнөлүк бийиктиктерге жеткен мамлекетке айландыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин  “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу жөнүндө” Жарлыгы кабыл алынган. Аталган жарлыкты ишке ашыруу максатында КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринде атайын окутуу өткөрүлдү.

Министрликтин кызматкерлери үчүн уюштурулган окутууга белгилүү тарыхчы, “Мурас” коомдук-илимий фондунун төрагасы, профессор – Кыяс Молдокасымов чакырылган. Ал Уңгужолдун негизги багыттарына токтолуп, кыргыз эли – жеке өзүнө таандык тарыхый тагдыры бар, миңдеген жылдар бою өз мамлекеттүүлүк салтын жоготпой сактап келген, дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылган, кайталангыс эл экендигин белгиледи.

Уңгужолдун негизги максаты – мамлекеттик, коомдук-саясий, жарандык институттардын ишин бир нукка салуу менен нарктуу, мекенчил, жоопкерчиликтүү жарандарды калыптандырып, кубаттуу мамлекет куруу болуп эсептелет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген