Бишкек эркин экономикалык аймагы - РФ бизнес өкүлдөрүн кызыктырууда

Бишкек эркин экономикалык аймагы - РФ бизнес өкүлдөрүн кызыктырууда

«Деловая Россия» бизнес-ассоциациясынын өкүлдөрүнүн тобу КРна болгон иш сапарынын алкагында «Бишкек» эркин экономикалык аймагында (ЭЭА) болушту.

Анын жүрүшүндө ассоциациянын аткаруучу директору Жакып Жумаев конокторго Бишкек ЭЭАда түзүлгөн шарттар жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берип, ал жерде бизнес жүргүзүү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөндүгүн ачык көрсөтүп берди.

 Өз кезегинде Россия Федерациясынан келген ишкерлер тобунун өкүлү Вадим Юн - IT, өндүрүш, медицина, жеңил өнөр жай, транспорт, логистика тармактарында кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле «СИБЕКО» компаниясынын жетекчиси Дмитрий Камерлохер автоунаа тетиктерин чыгарууга чоң кызыгуу бар экенин белгиледи.

«Деловая Россия» ассоциациясынын өкүлдөрүнүн айтымында, алар өз ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө ниеттенип, мындан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн Россияда изилдөөнү улантышат.

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр "Борбордук лабораториянын" кирешеси 340 млн сомду түзгөн

Былтыр "Борбордук лабораториянын" кирешеси 340 млн сомду түзгөн

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Борбордук лаборатория мамлекеттик ишканасы 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып, каржылык жана өндүрүштүк көрсөткүчтөрдүн олуттуу өсүшүнө жетишти. Финансылык көрсөткүчтөргө ылайык, ишкананын кирешеси 340,1 млн сомду түзүп, бекитилген план 173,7%га аткарылды. Чыгымдар 192,0 млн сомду түзүп, салык төлөөгө чейинки пайда 148,

Кыргызстан мамлекеттик ири сатып алууларга банктык коштоону киргизет

Кыргызстан мамлекеттик ири сатып алууларга банктык коштоону киргизет

МинКаб мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, ошондой эле уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү 50%дан жогору болгон компаниялар, алардын карамагындагы филиалдар үчүн келишимдерди банктык коштоо боюнча жаңы жобону бекитти. Бул документтин максаты — сатып алуулар учурунда каражаттын пайдаланылышына көзөмөлдү күчөтүү, коррупциянын алдын алуу жана ачыктыкты жогорулатуу. Эми мындай уюмдар өздөрүнүн ири сатып алууларын

Чүй облусунда 4 даана көмөкчордон куруу пландаштырылууда

Чүй облусунда 4 даана көмөкчордон куруу пландаштырылууда

Энергетика министрлиги тарабынан энергетика тармагын туруктуу өнүктүрүү жана электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу багытында ырааттуу иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Аталган иштердин алкагында Чүй облусу боюнча 4 даана көмөкчордон куруу пландаштырылууда- 110/35/10 кВ "Манас II" көмөкчордону; - 220/35/10 кВ "Чуйская&

Президент Футболду өнүктүрүү боюнча Улуттук программасын бекитти

Президент Футболду өнүктүрүү боюнча Улуттук программасын бекитти

Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 17-февралындагы №61 жарлыгы менен 2026–2034-жылдарга Футболду өнүктүрүү боюнча Улуттук программаны бекитти. Ошондой эле ал программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын, мониторинг жана баалоо көрсөткүчтөрүнүн матрицасын бекитти. Бул чечим калкты футбол менен үзгүлтүксүз машыгууга массалык катыштырууну камсыз кылуу, футболчулардын чеберчилигин жогорулатуу жана жаштар арасында саламат жашоо