Былтыр "Борбордук лабораториянын" кирешеси 340 млн сомду түзгөн

Былтыр "Борбордук лабораториянын" кирешеси 340 млн сомду түзгөн

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Борбордук лаборатория мамлекеттик ишканасы 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып, каржылык жана өндүрүштүк көрсөткүчтөрдүн олуттуу өсүшүнө жетишти.

Финансылык көрсөткүчтөргө ылайык, ишкананын кирешеси 340,1 млн сомду түзүп, бекитилген план 173,7%га аткарылды. Чыгымдар 192,0 млн сомду түзүп, салык төлөөгө чейинки пайда 148,1 млн сом, ал эми таза пайда 133,3 млн сом болду. Натыйжада пландар 337%дан ашык деңгээлде аткарылды. Мамлекеттик бюджетке 67,9 млн сом салык жана 29,9 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү которулду.

Отчеттук мезгилде 33 730 үлгү кабыл алынып, алардын 31 706сы лабораториялык изилдөөлөрдөн өткөрүлүп, жалпы суммасы 339,9 млн сомду түздү. Ошондой эле ири көлөмдөгү концентраттардан жана технологиялык үлгүлөрдөн инспекциялык тандоо иштери жүргүзүлдү.

2025-жылы ишкана техникалык кайра жабдууга 57,5 млн сом өз каражатынан жумшап, заманбап аналитикалык жабдууларды, автотранспортту сатып алды. Минералогиялык-технологиялык изилдөөлөр кайра жандантылып, Бишкек шаарынын ЖЭБинин отун лабораториясы кабыл алынып, көмүрдү техникалык талдоо боюнча аккредитацияланган адистештирилген топ түзүлдү.

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык, көмүрдү техникалык талдоо участогунун жабдууларын жаңылоого жана өндүрүштүк жайларды оңдоого 100 млн сом бөлүндү.

"Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишканасы өнүгүү, модернизация жана лабораториялык изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу багытындагы ишин ырааттуу улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу