Чүй облусунда 4 даана көмөкчордон куруу пландаштырылууда

Чүй облусунда 4 даана көмөкчордон куруу пландаштырылууда

Энергетика министрлиги тарабынан энергетика тармагын туруктуу өнүктүрүү жана электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу багытында ырааттуу иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Аталган иштердин алкагында Чүй облусу боюнча 4 даана көмөкчордон куруу пландаштырылууда- 110/35/10 кВ "Манас II" көмөкчордону; - 220/35/10 кВ "Чуйская" көмөкчордону; - 110/35/10 кВ "Күн-Туу" көмөкчордонун; - 35/10 кВ "Ленинская" көмөкчордону.

Мындан тышкары, 5 даана жаңы трансформатор коюлуп, 785 даана 6-10/0,4кВ ТКЧ капиталдык оңдоодон жана 5176 даана 6-10/0,4кВ ТКЧ күнүмдүк оңдоодон өткөрүү пландаштырылууда.

Аткарылып жаткан иштер электр энергиясынын туруктуулугун камсыздоого, калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтын сапатын жогорулатууга, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу жана мүмкүн болгон авариялык абалдардын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Баткенде акылдуу электр эсептегичтерди орнотуу иштери толугу менен аяктады

Борбор калаада кар тазалоого 114 атайын техника даярдалды

Өлкөдө балдарды эрте өнүктүрүү кызматтары менен камтуу 55 пайыздан ашканы айтылды

"Ачык кабинет": Өлкөдөгү үч эл аралык аэропорттогу иштер көрсөтүлдү

"Борбордук Азия — Кытай" конференциясында эки документке кол коюлду