Кыргызстан мамлекеттик ири сатып алууларга банктык коштоону киргизет

Кыргызстан мамлекеттик ири сатып алууларга банктык коштоону киргизет

МинКаб мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, ошондой эле уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү 50%дан жогору болгон компаниялар, алардын карамагындагы филиалдар үчүн келишимдерди банктык коштоо боюнча жаңы жобону бекитти.

Бул документтин максаты — сатып алуулар учурунда каражаттын пайдаланылышына көзөмөлдү күчөтүү, коррупциянын алдын алуу жана ачыктыкты жогорулатуу.

Эми мындай уюмдар өздөрүнүн ири сатып алууларын жаңы жобого жана белгиленген шарттарга ылайык милдеттүү банктык коштоо менен жүргүзүүгө тийиш. Жободо ошондой эле келишимдерди коштоого ыйгарым укуктуу банктардын тизмеси белгиленген.

Мындан тышкары, мурдагы мамлекеттик сатып алуулар тартиби туураланган: айрым пункттар алынган жана келишимдерди банк аркылуу коштоо боюнча эрежелер жаңы токтомго ылайык келтирилген.

Мамлекеттик органдар жана мамлекеттин үлүшү 50%дан жогору ишканалар бул тартипти сатып алууларында колдонуп, ыйгарым укуктуу банктар менен келишим түзүшү керек.

Андан сырткары, Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги бардык сатып алуучу уюмдарга банктык коштоонун типтүү шарттарын жеткирип берүүгө милдеттүү. Бул шарттар эми конкурс документациясына киргизилиши зарыл.

Банктык коштоо — бул мамлекеттик келишим боюнча бардык төлөмдөр ыйгарым укуктуу банк аркылуу өтө турган көзөмөл механизми. Банк каражаттын келишимге ылайык сарпталышын текшерет, бул алдамчылыктын алдын алып, сатып алууларды ачык жүргүзүүнү камсыз кылат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media