Кыргызстанда быйыл шекердин баасы кымбаттабайт

Кыргызстанда быйыл шекердин баасы кымбаттабайт

2025-жыл ичинде эки ишкана — “Кайыңды-Кант” менен “Кошой” биргелешип 60 мин тоннага жакын кумшекер өндүрүүнү пландаштырууда.

Бул өлкөнүн ички керектөөсүнүн болжол менен 60% камсыздап, жылына 120-150 миң тоннага бааланат. Бирок, тартыштык болот деген кооптонууга эч кандай негиз жок: мурунку жылдын рекорддук жыйынтыгы жана импорттук кубаттуулук туруктуу камсыздоого кепилдик берет. Мындай маалыматты “Кошой” ААКнун директорлор кеңешинин төрагасы, “Кайыңды-Кант” ААКнун директорлор кеңешинин мүчөсү Алмазбек Алтыбаев билдирди.

“Бизде өткөн жылдагы канттын запасы бар экенин эстен чыгарбаш керек. Зарыл болсо Беларусия, Россиядан дагы импорттосок болот" – дейт ал.

Анткени менен бирок узак мөөнөттүү инвестициялоого өнөр жай өтө албай жатат. Бирок ишканалардын социалдык ролу абдан чоң — Чүй жана Талас облустарынын 100 000ге жакын тургуну кант өнөр жайы менен алектенишет.

“Кант кызылчасы - өтө татаал айыл чарба өсүмдүктөрүнүн бири. Ал сууну, дыйканчылыкты, ак эмгекти көп талап кылат. Ошондуктан кант кызылчасын өстүрүү жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүдө мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү өзгөчө мааниге ээ. Заводдорду толук кандуу пайдаланып, рентабелдүүлүктү камсыз кылуу зарыл. Ошондо биз канттын баасын арзандатсак болот”, - деп белгиледи “Кошой” кант заводунун директору Павел Немченко.

Октябрдын акырына карата Кыргызстандын кант заводдору стабилдуу иш ыргагына чыгышат. Быйыл түшүм аз болгондуктан кайра иштетүү былтыркыдан кеч башталды. Буга карабастан, өнөр жай туруктуу бойдон калууда: заводдор токтоп турган жок, ал эми фермерлер көлөмү азайса да, түшүмүн берүүнү улантууда жана кийинки эгип себүүгө, азыртадан эле камданып жатышат.

 

Мындан тышкары окуңуз

Балыкчы шаарында 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Балыкчы шаарында 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Ысык-көл облусунун Балыкчы шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн негизинде 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты. Билдирүүгөкараганда, 2018-жылы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн токтомунун негизинде Балыкчы шаарындагы эркин экономикалык зонанын аймагында жайгашкан “Аэродромдун” 30 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен “Т.” ЖЧКсына жеке

Ишкер Media
Ага-Хан фонду Каба токой чарбасына 2 млн сомго жакын инвестиция тартты

Ага-Хан фонду Каба токой чарбасына 2 млн сомго жакын инвестиция тартты

2026-жылы Ага-Хан фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлордун алкагында Каба токой чарбасына 1 млн 900 миң 402 сомдук материалдык-техникалык колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу Токой кызматы билдирди. Анын ичинде: • "Токойлорду жашылдандыруу жана колдоо" долбоору аркылуу экме токойлордун аянтын тосуу үчүн 1 млн 654 миң сомго

Ишкер Media
Аймен Касенов Президентке талапкерлигин көрсөттү

Аймен Касенов Президентке талапкерлигин көрсөттү

Бүгүн Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн арызы менен кайрылган. Касенов Аймен Абдыталипович  1974-жылы 11-апрелде Бишкек шаарында

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия айыл чарба жаатында кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Монголия айыл чарба жаатында кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Монголия ата мекендик жашылча-жемиштерди жана кургатылган мөмө-жемиштерди Монголия рыногуна экспорттоону кеңейтүү, ошондой эле мал чарбачылыгы жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу

Ишкер Media