Үгүт эрежелерин бузган талапкерлерге, ЖМК өкүлдөрүнө айып пул салынат

Үгүт эрежелерин бузган талапкерлерге, ЖМК өкүлдөрүнө айып пул салынат

2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардын социалдык баракчаларындагы, айрым жеке жарандардын жарыялоолору жана билдирүүлөрү боюнча шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузууга жол берилген учурларга байланыштуу Боршайком кийинки чечимдерди кабыл алды.

 1. №14 шайлоо округу боюнча талапкерлигин көрсөткөн Болотбек Дүйшеналиевге КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, 7 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
 2. Баткен облусундагы Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин төрагасы Гулам Матажиев 7500 сом айып пул салынды.
3. №25 шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлигин көрсөткөн Төрөкан Жунусбековго 7 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
 4. 2025-жылдын 18-октябрында Талас УТРК телеканалына 28 000 сом өлчөмүндө айып пул салуу чечими кабыл алынды.

 КР БШК бардык талапкерлерге, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине, ММК жана социалдык тармак колдонуучуларына шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзам талаптарын так сактоону эскертет. Үгүт иштери талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин гана жүргүзүлүүгө тийиш. Мыйзамды бузган ар бир учур тиешелүү тартипте каралып, жоопкерчилик чаралары колдонулат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Литва соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Литва соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Экономика министринин орун басары Султан Ахматов бүгүн Литванын тышкы иштер министринин орун басары Криступас Вайтекюнас менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Литванын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттары талкууланды. Анын ичинде порт инфраструктурасы, зергерчилик өнөр жайы, айыл чарба, маалыматтык технологиялар жана финансы сектору

Улуттук банк эл аралык тегерек стол өткөрдү

Улуттук банк эл аралык тегерек стол өткөрдү

Улуттук банк 8–11-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы "Толкун" пансионатынын окуу-ден соолукту чыңдоо борборунда инженердик системаларды техникалык тейлөө боюнча эл аралык тегерек стол өткөнүн билдирди. Иш-чара "Улуттук банктын имараттарынын жана курулмаларынын инженердик системаларын техникалык тейлөө" темасына арналды. Тегерек столду Улуттук банк

Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Мамлекеттик салык кызматы баалуу металлдар, баалуу таштар жана зергер буюмдары менен иш жүргүзгөн жактарды атайын эсепке коюу жол-жобосун электрондук форматка өткөрдү. Бул тууралуу салык кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, эми арызды жана зарыл болгон маалыматтарды салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу салык органына барбастан, электрондук түрдө тапшырууга болот. Кызматты колдонуучулар арыздын статусун

Жаңы ысымдар жана алга жылуу үчүн гранттар

Жаңы ысымдар жана алга жылуу үчүн гранттар

Бишкекте өткөн II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалардын фестивалы аяктады. Ал 10-сентябрдан 14-сентябрга чейин өткөрүлүп, кинематографисттерди, тармактын кесипкөй адистерин, эл аралык эксперттерди жана даректүү тасмалар боюнча көрүүчүлөрдүн башын бириктирди. Сынактык программага сегиз өлкөдөн: Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Азербайжан, Грузия, Латвия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 8 толук метраждуу жана 16