“Абшыр-Ата” турбазасынын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

“Абшыр-Ата” турбазасынын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Ноокат районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Т.Кулатов айыл аймагында жайгашкан “Абшыр-Ата” турбазасынын 8183 чарчы метр жер тилкеси 2006-жылы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталган. Мындай билдирүүнү Башкы Прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалымдалгандай, көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында, баасы 69,6 млн сом болгон “Абшыр-Ата” турбазасынын жер тилкеси кайрадан мамлекеттин менчигине кайтарылып берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Лев Толстой жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги 90 метр жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Лев Толстой жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги 90 метр жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Бишкекте Лев Толстой жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде темир жол тилкесинде курулуш-монтаж иштер жүргүзүлүп жатканын бүгүн шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Иштер 2026-жылга карата өндүрүштүк программанын алкагында "Бишкекжылуулуктармактары" муниципалдык ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө. Бул тилкеде темир жолдун астынан өткөн жылуулук тармактарын кайра салуу иштери жүрүп жатат. Долбоордун алкагында диаметри

Жер семирткичтердин кымбатташы кыргыз фермерлерине таасирин тийгизди

Жер семирткичтердин кымбатташы кыргыз фермерлерине таасирин тийгизди

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаев "Биринчи радио" берүүсүнүн эфиринде билдирди. Анын айтымында, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу минералдык жер семирткичтердин дүйнөлүк баасынын өсүшү Кыргызстанга да таасир эткен. Чиновниктин сөзүнө караганда, Кыргызстан менен Өзбекстанга минералдык жер семирткичтерди

БШКнын мүчөлөрүн санын кыскартуу демилгеленди

БШКнын мүчөлөрүн санын кыскартуу демилгеленди

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоорун карап, үчүнчү окууда жактырды. Мыйзам долбоору Кыргызстанда шайлоолорду жана референдумдарды ыкчам жана сапаттуу өткөрүү үчүн Шайлоо жана референдум

Бишкек мэриясы БШКга 120 электробусту күрөөгө коюуга макулдук берүүнү сунуштады

Бишкек мэриясы БШКга 120 электробусту күрөөгө коюуга макулдук берүүнү сунуштады

Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна "Бишкек шаарынын мэриясына 120 электробусту күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндө" токтом долбоорун киргизди. Бул демилгенин максаты — Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы №9-р буйругун жана 2023-жылдын 13-февралында Финансы министрлиги менен Бишкек мэриясынын ортосунда түзүлгөн №19-04-01/8 субкредиттик келишимин аткаруу. 2021-жылдын 28-декабрында Кыргызстан менен