Ф.Иминов: Санариптик сабаттуулук боюнча кыргызча платформа сунушталат

Ф.Иминов: Санариптик сабаттуулук боюнча кыргызча платформа сунушталат

КРнын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин секретариатынын жетекчиси Фархат Иминов, өлкөдө санариптик сабаттуулукту жогорулатуу аракети жолго салынып жаткандыгын бүгүн аталган кеңешменин отурумунда билдирди. Анын аытымында санариптик сабаттуулукту жогорулатуу жана билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу Binance компаниясынын колдоосунун алдында жүрүп жатат.

“Binance академиясы тарабынан иштелип чыккан кыргыз тилиндеги онлайн билим берүү платформасын ишке киргизүү үчүн Binance менен кызматташып жатабыз. Платформа азыркы учурда аягына чыкканы калды жана жакында ал виртуалдык активдер менен иштөө боюнча базалык билим алууну каалагандардын баарына жеткиликтүү болот” – деп билдирди, Иминов.

Ошондой эле ал өлкө боюнча ЖОЖ менен биргеликте лекцияларды өткөрүп, санариптик сабаттуулук боюнча окутуу курстарын ишке ашыруу иштери уюштурулуп жаткандыгын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр Бишкек шаарында турак жай баасы 26,8%га өскөн

Былтыр Бишкек шаарында турак жай баасы 26,8%га өскөн

2025-жылы өлкөнүн борбор калаасында турак жайдын баасы 26,8%га өскөнүн Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек жана Ош шаарларында кыймылсыз мүлк рыногунда батирлердин жана жеке турак үйлөрдүн орточо баалары жогорулаган. Ведомствонун маалыматы боюнча, баалардын эң жогорку өсүшү жеке типтеги

Казакстан былтыр дрондук чабуулдардан 480 миң тонна мунай жоготкон

Казакстан былтыр дрондук чабуулдардан 480 миң тонна мунай жоготкон

Казакстандын Энергетика министрлиги Кара деңизде казак мунайын ташыган эки кеме кабылган чабуул тууралуу билдирди. Министрликтин билдиришинче, "КазМунайГаз" жалдаган Мальтанын желеги астында сүзгөн "Матильда" танкери учкучсуз учактын соккусуна туш болгон. Жарылуудан кийин өрт тутанбай, экипаж мүчөлөрү арасында жабыркагандар болгон эмес. Ал эми Либериянын желеги менен сүзгөн Delta

АКШ 75 өлкөнүн жарандарына иммиграциялык визаларды берүү арыздарын кароону токтотту

АКШ 75 өлкөнүн жарандарына иммиграциялык визаларды берүү арыздарын кароону токтотту

АКШнын Мамлекеттик департаменти 75 өлкөнүн жарандары үчүн иммиграциялык визаларга арыздарды кароону убактылуу токтотконун Fox News телеканалы ведомствонун кызматтык кат-кагазына таянып билдирди. Документке ылайык, консулдук кызматкерлерге карата текшерүү жана талапкерлерди тандоо жол-жоболору кайра каралып бүткөнгө чейин, колдонулуп жаткан мыйзамдардын алкагында визаларды берүүдөн баш тартуу тапшырмасы берилген. Fox News билдиргендей, бул чечим

Кытай соода балансынын профицити 2025-жылы 1,2 трлн долларга жетти

Кытай соода балансынын профицити 2025-жылы 1,2 трлн долларга жетти

2025-жылы Кытай соода балансынын профицити боюнча рекорд койду. Экспорт менен импорттун ортосундагы айырма 1,2 триллион долларды түзүп, бул дүйнөлүк тарыхтагы эң чоң көрсөткүч болду. Кытайдын Бажы башкармалыгынын маалыматына ылайык, декабрь айында товарлардын экспорту өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,6%га өстү. Бул көрсөткүч аналитиктер күткөн деңгээлден жана ноябрь