Былтыр Бишкек шаарында турак жай баасы 26,8%га өскөн

Былтыр Бишкек шаарында турак жай баасы 26,8%га өскөн

2025-жылы өлкөнүн борбор калаасында турак жайдын баасы 26,8%га өскөнүн Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек жана Ош шаарларында кыймылсыз мүлк рыногунда батирлердин жана жеке турак үйлөрдүн орточо баалары жогорулаган.

Ведомствонун маалыматы боюнча, баалардын эң жогорку өсүшү жеке типтеги батирлерде — 21,7% болгон. Ошондой эле 105-сериядагы батирлер – 18,9 %га, 308-серия – 17,7%га жана 104-серия – 17,4%га кымбаттаган.

Ош шаарында 104-сериядагы батирлердин баасы 26,9%га, 105-серия — 24,4%га, ал эми жеке батирлер 11,6%га кымбаттаган.

Ал эми Бишкек шаарында турак үйлөрдүн чарчы метринин орточо баасы да 26,8%га жогорулаган. Эң чоң өсүш Свердлов районунда катталып, ал 37,11%ды түздү. Ош шаарында турак үйлөрдүн баасы 37,04%га өстү.

Кыймылсыз мүлктүн баасынын өсүшү инфляциянын деңгээлинен да жогору болду. 2025-жылы инфляциянын орточо жылдык көрсөткүчү 9,2%ды түзгөн.

Буга чейин Эл аралык куруучулар ассоциациясынын өкүлү Кайнарбек Кулуев 2025-жылы Кыргызстанда турак үйлөрдүн баасы орто эсеп менен 36%га кымбаттаганын айткан. Анын айтымында, Бишкекте үйлөрдүн баасы 26%га, ал эми батирлердики 18,5%га өскөн. Ошол эле учурда турак жайды сатып алуу-сатуу келишимдеринин саны 9,1%га азайган, бирок рыноктун акчалай көлөмү өскөн эмес.

Мындан тышкары окуңуз

Карызы бар жүк ташуучу унаалар Орусиядагы акы төлөнүүчү жолдордон өтө албайт

Карызы бар жүк ташуучу унаалар Орусиядагы акы төлөнүүчү жолдордон өтө албайт

Мамлекеттик бажы кызматы эл аралык ташууларды жүргүзгөн ата мекендик ташуучуларга Орусиянын акы төлөнүүчү унаа жолдорунун жаңы талаптары тууралуу эскертти. Маалыматка ылайык, 1-сентябрдан тартып Орусиянын бажы органдары транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номери боюнча төлөм жүргүзгөнүн маалыматтык тутумдар аркылуу текшерет. Эгер төлөнбөгөн карыз аныкталса, система транспорт каражатынын мындан ары жүрүүсүнө тыюу

Майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык кызматтар жакшыртылат

Майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык кызматтар жакшыртылат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлиги майыптыгы бар адамдарга медициналык реабилитациялык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу маселелерин талкуулашты. Ведомствонун маалыматына ылайык, күн мурун эмгек министри К. Сагынбаев менен саламаттык сактоо министри Д. Осмонов жолугуп, майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоону уюштуруу жана учурдагы механизмдерди өркүндөтүү маселелерин карашты. Негизги көңүл майыптык

Оштогу токсикологиялык лаборатория эл аралык аккредитациядан өттү

Оштогу токсикологиялык лаборатория эл аралык аккредитациядан өттү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Ош адистештирилген контролдук-токсикологиялык лабораториясы эл аралык ISO/IEC стандартынын талаптарына ылайыктыгын баалоодон ийгиликтүү өтүп, аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк алды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маалыматына ылайык, аккредитация лаборатория

VIN-коду өзгөртүлгөн жүк ташуучу унаадан 1,7 млн сом өндүрүлдү

VIN-коду өзгөртүлгөн жүк ташуучу унаадан 1,7 млн сом өндүрүлдү

"Түндүк-Чыгыш" бажысынын кызматкерлери "Торугарт" өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга киргизилген Foton Auman Daimler үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын идентификациялык номери өзгөртүлгөнүн аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Текшерүүдө унаанын документте көрсөтүлгөн чыгарылган жылы менен иш жүзүндөгү маалыматтары дал келбегени белгилүү болгон. Соттук-эксперттик кызматтын корутундусуна ылайык,