Кыргызстанда 9 айда 4843 бала турмуштук оор кырдаалга кабылган

Кыргызстанда 9 айда 4843 бала турмуштук оор кырдаалга кабылган

Кыргызстанда турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды жана үй-бүлөлөрдү аныктоо боюнча иштер улантылууда. Бул ишмердүүлүк 2015-жылдын 22-июнундагы №391 токтом менен бекитилген жобонун негизинде жүргүзүлөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 9 айында 4843 бала турмуштук оор кырдаалга кабылганы аныкталган. Алардын ичинен 2514 балага жекече иштөө пландары иштелип чыгып, 2488 бала турмуштук оор кырдаалдан чыгарылган. Министрлиги аныкталган балдардын дээрлик жарымына турмуштук оор кырдаалдан чыгууга жардам берген.

Мындан тышкары, 1277 үй-бүлө жардамга муктаж катары катталган. Алардын ичинен 947 үй-бүлө социалдык колдоо көрсөтүүнүн натыйжасында кризистен чыга алышкан.

Министрлик ошондой эле балдарга карата ырайымсыз мамиленин алдын алууга өзгөчө көңүл бурат. Ушул эле мезгил ичинде турмуштук оор кырдалга кабылган 444 бала ар кандай зомбулуктун түрлөрүнөн жабыркаган. Алардын баарына зарыл болгон социалдык жана психологиялык жардам көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Айылдык өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген насыялар  берилди

Айылдык өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген насыялар берилди

АЧК-13 долбоорунун алкагында Кыргызстандын 6 487 айылдык товар өндүрүүчүсүнө жалпы 4 081,22 млн сом суммасына жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Берилген кредиттер төмөнкү тармактар боюнча бөлүштүрүлгөн: Мал чарбачылык – 3 381,64 млн сом, 5 443 субъектти камтыйт; Өсүмдүк өстүрүүчүлүк – 441,02 млн сом, 898

Пенсия акы көбөйүп, иштегендердин топтомо бөлүгү берилүүдө

Пенсия акы көбөйүп, иштегендердин топтомо бөлүгү берилүүдө

2025-жылдын 1-октябрынан баштап Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, пенсия акыларына индексация жүргүзүлдү. Мындай билдирүүнү Социалдык фонддун коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Нурзат Жакеева "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди. Анын айтымында – “Жалпысынан базалык бөлүктөн сырткары, камсыздандыруу бөлүктөрү 10 пайызга жогорулады. Тагыраагы, камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомго

Президент KGST стейблкоинин түзүү жана ишке киргизүү тапшырмасын берди

Президент KGST стейблкоинин түзүү жана ишке киргизүү тапшырмасын берди

Бүгүн Бишкекте Президент Садыр Жапаровдун жана Binance криптовалюталык платформасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаонун катышуусунда Виртуалдык активдер жана блокчейн-технология тармагын өнүктүрүү улуттук кеңешинин жыйыны  болуп өттү.  Жыйын аягында өлкө башчысы тиешелүү мамлеккеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди: * Экономика жана коммерция министрлигине – виртуалдык активдер жөнүндө мыйзамдык базаны жакшыртуу боюнча ишти улантуу; *  Илим, жогорку

"Гендердик теңчилик жана жашыл инновациялар" сыйлыгы ээлерин тапты

"Гендердик теңчилик жана жашыл инновациялар" сыйлыгы ээлерин тапты

Бишкекте CAREC 2025 «Гендердик теңчилик жана жашыл инновациялар» сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Иш-чарада Борбор Азиядан CAREC программасына катышкан 17 мыкты өкүл жана уюм өз салымы үчүн сыйланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Сыйлык аялдардын күн энергиясы боюнча техникалык адистикке окутуу, Борбор Азиядагы биринчи «нөлдүк калдыктар» концепциясындагы дүкөндү ачуу