Өлкөдөгү миң кишинин 173ү жеңил автоунаага ээ

Өлкөдөгү миң кишинин 173ү жеңил автоунаага ээ

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, өткөн жылы автоунаа транспорту менен 54 млн. тонна жүк, же алардын көлөмүнүн 80 пайыздан ашыгы ташылган. Автоунаа транспорту менен жүк ташуулардын олуттуу бөлүгү (60%) жеке ишкерлер тарабынан ишке ашырылат.

 2024-жылы жүк ташуулардын эң көп көлөмү Бишкек шаарынын, Талас, Чүй облустарындагы чарбалык субъекттерине туура келген.

Ал эми жүргүнчүлөрдү ташууда негизги көлөмдүн 90% ашыгы автоунаа транспортуна (автобус жана такси) туура келет.

2024-жылы жеке жактарга таандык автобустар жана таксилер менен 436 млн., же 70 пайыздан ашык жүргүнчүлөр ташылган, ал эми атайын автоунаа транспорт ишканалары тарабынан - 178 млн. жүргүнчүлөр же 30 пайызга жакыны ташылган. Адистештирилген автобустар жана электроавтобустар менен ташуунун көлөмү өткөн жылга салыштырганда 2,9 эсе өстү.

 2025-жылдын 1-январына карата республикада жеке менчик ээлеринин менчигинде 1,2 млн. ашык жеңил авто унаалар болгон, алардын саны 2024-жылдын 1 январына салыштырмалуу 6 пайызга көбөйдү.

Республиканын туруктуу калкынын 1000ине алганда 173 жеңил автоунаа туура келген. Жеңил автоунаалардын эң чоң үлүшү Чүй облусунун (калктын миңине - 275 автоунаа), Бишкек шаарынын (249 автоунаа) туура келген.

Мындан тышкары окуңуз

Балыкчы шаарында 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Балыкчы шаарында 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Ысык-көл облусунун Балыкчы шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн негизинде 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты. Билдирүүгөкараганда, 2018-жылы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн токтомунун негизинде Балыкчы шаарындагы эркин экономикалык зонанын аймагында жайгашкан “Аэродромдун” 30 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен “Т.” ЖЧКсына жеке

Ишкер Media
Ага-Хан фонду Каба токой чарбасына 2 млн сомго жакын инвестиция тартты

Ага-Хан фонду Каба токой чарбасына 2 млн сомго жакын инвестиция тартты

2026-жылы Ага-Хан фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлордун алкагында Каба токой чарбасына 1 млн 900 миң 402 сомдук материалдык-техникалык колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу Токой кызматы билдирди. Анын ичинде: • "Токойлорду жашылдандыруу жана колдоо" долбоору аркылуу экме токойлордун аянтын тосуу үчүн 1 млн 654 миң сомго

Ишкер Media
Аймен Касенов Президентке талапкерлигин көрсөттү

Аймен Касенов Президентке талапкерлигин көрсөттү

Бүгүн Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн арызы менен кайрылган. Касенов Аймен Абдыталипович  1974-жылы 11-апрелде Бишкек шаарында

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия айыл чарба жаатында кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Монголия айыл чарба жаатында кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Монголия ата мекендик жашылча-жемиштерди жана кургатылган мөмө-жемиштерди Монголия рыногуна экспорттоону кеңейтүү, ошондой эле мал чарбачылыгы жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу

Ишкер Media