ТИМде жалпы 72,7 млн сомдук финансылык бузуулар аныкталган

ТИМде жалпы 72,7 млн сомдук финансылык бузуулар аныкталган

КРнын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Анын жүрүшүндө 2023-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында Тышкы иштер министрлигинде жана анын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары каралды.

 Ага ылайык, Тышкы иштер министрлигинде жалпы 72,7 млн сомдук финансылык бузуулар аныкталып, анын ичинен бюджетти аткарууда, мүлктү пайдаланууда, отчеттуулуктун жана сатып алуулардагы мыйзам бузууларды камтыган учурлар болду. 5,3 млн сом калыбына келтирилүүгө тийиш болгон каражаттар толугу менен өндүрүлгөн.

 Тышкы иштер министрлигинин Борбордук аппараты боюнча текшерүү учурунда атайын каражаттардын эсебинен кызматкерлердин эмгек акы төлөмдөрү, социалдык чегерүүлөр жана транспорт чыгымдарында ашыкча төлөмдөр аныкталып, кийин кайтарылган. К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академияда гранттык каражаттар казына аркылуу эмес колдонулган, эмгек акы жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам бузуулар белгиленген.

 Эсептөө палатасынын Кеңеши талкуунун жыйынтыгында тиешелүү чечимдерди кабыл алып, аныкталган бузууларды жоюу жана аудиттин сунуштарын ишке ашыруу боюнча Тышкы иштер министрлигине жана анын мекемелерине көрсөтмөлөрдү берди.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500