Жер агенттигинин адистерине коррупция тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Жер агенттигинин адистерине коррупция тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигин Бишкек жана Аламүдүн филиалдарынын кызматкерлерине аталган мекеменин директору Эрнисбек Зарнаев жана УКМК кызматкерлери коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Анын жүрүшүндө адистер мыйзамды бузбоого, жарандардан акча талап кылбоого жана пара албоого чакырылды. Өз кезегинде УКМК кызматкерери коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатканын, анын жазасы катуу болорун эскертти.

Ал эми Жер агенттигинин директору Эрнисбек Зарнаев коррупциянын алдын алуу үчүн кызматкерлердин айлык маянасы жогорулаганын айтты. Ошондой эле калкка үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүү үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын баса белгиледи.

 

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды

Оштогу курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды

Ош шаарындагы көп кабаттуу турак жай комплексинде курулуш коопсуздугунун талаптары бузулганы аныкталып, курулуш иштерин жүргүзгөн компания 200 миң сом айыпка жыгылды. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаардык башкармалыгы Ишматов көчөсү 152/1 дарегинде курулуп жаткан 23 блоктон турган беш кабаттуу

Ошто 382 окуучунун туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экендиги аныкталды

Ошто 382 окуучунун туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экендиги аныкталды

Акыйкатчы Институтунун текшерүүсүнөн кийин Ош шаардык мэриясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясынын кезексиз жыйыны өтүп, анда атайын мекемелер аралык жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Акыйкатчы Институтунан билдиришти. Белгилей кетсек, Акыйкатчынын Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматкерлери март-апрель айларында окуучулардын укуктарынын сакталышын текшерүү максатында үч шаардык мектепте мониторинг жүргүзүшкөн.

МИК: Аймактарда үйдү 30% баштапкы төлөм менен алууга болот

МИК: Аймактарда үйдү 30% баштапкы төлөм менен алууга болот

Мамлекеттик ипотекалык компания Бишкек жана Ош шаарларынан тышкаркы аймактардын тургундары үчүн турак жай сатып алуунун жаңы жеңилдетилген механизмин ишке киргизди. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына ылайык, жаңы механизм республиканын бардык аймактарында жашаган жарандар үчүн иштелип чыккан. Ал Бишкек жана Ош шаарларына жайылтылбайт. Жаңы шарттарга ылайык, турак жайдын баасынын 30%ы баштапкы

Баткендин чек ара тозотунан 20дан ашык кызматкер кармалганы маалымдалды

Баткендин чек ара тозотунан 20дан ашык кызматкер кармалганы маалымдалды

Баткен облусунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери “Кадамжай-автодорожный” жана “Чечме-автодорожный” өткөрүү тозотунда атайын ыкчам аракеттерди жүргүзүшкөн.  Бир катар ЖМКлар өздүк булактарына таянып жазган маалыматка ылайык, Чек ара кызматынын, Бажы жана Ветеринардык кызматтын кызматкерлери, жалпы 20дан ашык адам кармалган. Ыкчам иликтөө иш-чаралары коррупцияга каршы жүргүзүлгөн. Бул окуя