«Манас» кинотеатрында көрүүгө акысыз кинолор сунушталууда

«Манас» кинотеатрында көрүүгө акысыз кинолор сунушталууда

Кече 29-октябрда, Бишкек шаарындагы “Манас” кинотеатрында “Россия киносунун фестивали Кыргызстан 2025” старт алды. Фестивалдын ачылыш аземине РФнын маданият министри Ольга Любимова, КРнын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, кинорежиссёр Никита Высоцкий, ишчаранын уюштуруучулары жана 500 ашуун кино сүйүүчүлөр катышышты.

Фестиваль Россия Федерациясынын маданият күндөрүнүн алкагында РФнын Маданият министрлигинин колдоосу менен РОСКИНО тарабынан Кыргызстанда бешинчи ирет уюштурулууда.

КРнын маданият министри М.Мамбеталиев сөз сүйлөп, кино эки өлкөнүн ортосундагы достуктун жана өз ара байланыштын эң күчтүү көпүрөсү болоорун баса белгилеп, жергиликтүү калкка ар турдүу жанрдагы 6 кинону акысыз көрүүгө сунушталып жаткандыгы үчүн, РФнын маданият министрлигине ыраазычылык билдирди.

Ал эми РФнын маданият министри О.Любимова, маданият жана кино аркылуу орус-кыргыз кызматташтыгын өнүктүрүү эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоодогу артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи.

“Бул жылы эки элибиз үчүн бирдей маанилүү болгон Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына өзгөчө көңүл бурулууда. Биз сиздерге көрсөтүү үчүн ата-бабаларыбыздын баатырдык тарыхына арналган бир нече тематикалык тасмаларды тандап алдык”- деп билдирди, РФнын маданият министри.

Фестивальдын программасынын ачылышы 1944-жылдын жайында советтик контрчалгындоочу офицерлердин иши жөнүндөгү «Август» согуштук драмасы менен башталды. Эми 2-ноябрга чейин «Манас» кинотеатрынын чоң залынан “Советтер Союзунун сүйүүсү”, “Тизмеде аты жок”, “Кракен” “Олимпте биринчи” көркөм тасмалары жана “Доктор Динозавров” аттуу анимациялык тасма акысыз сунушталмакчы.

Мындан тышкары окуңуз

Балыкчы шаарында 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Балыкчы шаарында 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Ысык-көл облусунун Балыкчы шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн негизинде 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты. Билдирүүгөкараганда, 2018-жылы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн токтомунун негизинде Балыкчы шаарындагы эркин экономикалык зонанын аймагында жайгашкан “Аэродромдун” 30 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен “Т.” ЖЧКсына жеке

Ишкер Media
Ага-Хан фонду Каба токой чарбасына 2 млн сомго жакын инвестиция тартты

Ага-Хан фонду Каба токой чарбасына 2 млн сомго жакын инвестиция тартты

2026-жылы Ага-Хан фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлордун алкагында Каба токой чарбасына 1 млн 900 миң 402 сомдук материалдык-техникалык колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу Токой кызматы билдирди. Анын ичинде: • "Токойлорду жашылдандыруу жана колдоо" долбоору аркылуу экме токойлордун аянтын тосуу үчүн 1 млн 654 миң сомго

Ишкер Media
Аймен Касенов Президентке талапкерлигин көрсөттү

Аймен Касенов Президентке талапкерлигин көрсөттү

Бүгүн Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн арызы менен кайрылган. Касенов Аймен Абдыталипович  1974-жылы 11-апрелде Бишкек шаарында

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия айыл чарба жаатында кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Монголия айыл чарба жаатында кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Монголия ата мекендик жашылча-жемиштерди жана кургатылган мөмө-жемиштерди Монголия рыногуна экспорттоону кеңейтүү, ошондой эле мал чарбачылыгы жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу

Ишкер Media