Кыргызстанда айрым табийгый чөптөрдү чогултууга тыюу салынганы эскертилди

Кыргызстанда айрым табийгый чөптөрдү чогултууга тыюу салынганы эскертилди

МинКаб 2024-жылдын 28-майындагы №270 токтом менен  2027-жылдын 1-майына чейин Кыргызстанда өскөн айрым өсүмдүктөрдү пайдаланууга  убактылуу тыюу салганын кайрадан эске салды. 

Мындай чечим жаратылышты коргоо жана айрым сейрек кездешүүчү өсүмдүктөр түрүн сактоо үчүн кабыл алынганын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. 

Министрликтин маалыматы боюнча колдонууга тыюу салынган өсүмдүктөргө: макротомия, арбения, ясенец, аконит, афлатун пиязы, родиола, самарканд соолубас гүлү жана бир нече өсүмдүк кирет. 

Буларды эми терип кайра иштеткенге, сатып алууга жана сатууга, ташууга жана колдонууга, өлкөдөн сыртка чыгарууга тыюу салынат.

Бул тыюунун негизги максаты – жапайы өсүмдүктөрдүн корун сактоо, алардын тамырынын жок болуп кетишинин жана алардын жаратылыш чөйрөсүнүн бузулушунун алдын алуу.    

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media